Бишкекте эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте 9-12-январда эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, эркин күрөш боюнча мелдеш 9-10-январда, Кожомкул атындагы спорт сарайында болот, анда эркин күрөш балбандары күч сынашат.

Ал эми 11-12-январда грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн чемпиондору аныкталат.

Бул чемпионатта тандалган балбандардан Кыргызстандын улуттук курама командасы түзүлөт. Алар Азия чемпионатына жана башка дүйнөлүк мелдештерге катышып, быйыл Токиодо өтө турган Олимпиадага лицензия алуу үчүн күрөшөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *