Бишкекте этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдорго бюджеттик орундарга кабыл алуунун алкагында тестирлөө өтүп жатат

Бүгүн, 15-сентябрда КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында этникалык кыргыздар үчүн Кыргызстандын ЖОЖдоруна бюджеттик орундарга кабыл алуунун алкагында тестирлөө өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

Тестирлөө Мамлекеттик башкаруу академиясынын компьютердик классынын базасында, социалдык аралыктын эрежелерин эске алуу менен өтүп жатат. Тестирлөөгө келген 19 абитуриенттин дене табы кире бериште текшерилип, колдору антисептик менен дезинфекцияланды. 

Абитуриенттер өздөрүнүн багытына жараша 3 сабактан тест тапшырышат, ар бир сабакка 1 саат бөлүнөт. Ал эми тестирлөөнүн жыйынтыгы тест тапшырган күнү эле чыгат.

Опубликовано Билим берүү жана илим министрлиги Вторник, 15 сентября 2020 г.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *