Бишкекте кайсы банк тонолгону айтылып, тергөө иши башталды

Бишкектеги банктын филиалындагы кассадагы акчасы тонолгону тууралуу сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, окуя бүгүн, эртең мененки саат 8:47де болгон. Бишкектеги 6-кичирайондо, Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “ЭкоИсламикБанкынын”  филиалы тонолгон маалымат милицияга саат 9:17де келип түшкөн. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (“Карактоо”) боюнча тергөө башталган

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *