Бишкекте коменданттык саат учурунда турак жайы жок адамдар кантип жатышат? – Коменданттын жообу

Бишкек шаарында турак жайы жок адамдар дагы коменданттык саат эрежелерин сактап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрель күнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.

“Бизде атайын башпаанектер бар, мисалы, “Коломто” муниципалдык мекемеси. Алар коменданттык саатты ошол жактан күтө алышат” – деп билдирди комендант.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби 25-марттан баштап 15-апрелге чейин киргизилген. Аталган аймактарда комендатуралар түзүлүп, саат 20:00дөн 07:00ге чейин коменданттык саат киргизилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *