Видео – Бишкекте, түндө коменданттык саатты бузган 157 адам кармалды, анын ичинде 23 аял, 3 өспүрүм жана 5 чет өлкөлүк жаран бар

27-марттан 28-мартка караган түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 157 жаран кармалды. Бул туралуу бүгүн, 28-мартта брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Алардын ичинен 23 аял, 3 өспүрүм, 134 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран.

“Кармалгандардын бардыгы райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилген, 98 протокол түзүлүп, коменданттык саат бүткөндөн кийин коё берилди” , – деп билдирди комендант.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *