Бишкекте КСДПнын жаштар канатынын мүчөсүн суракка алып кетишти

6-ноябрда түштөн кийин Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын жаштар канатынын мүчөсү Бакыт Абдыкеримовду УКМКга суракка алып кетишкенин партия мүчөсү Кундуз Ажибекова билдирди.

Анын айтымында, саат 14.30 чамаларында жарандык кийимчен УКМКнын кызматкери жанына басып келип, алып кетип калышкан. “Биз кафеден жаңы эле чыкканбыз. Бакытты эмнеге, кайсыл иш боюнча экенин түшүндүрбөй эле алып кетип калышты”, – дейт Кундуз Ажибекова.

УКМКда КСДПнын мүчөсүнүнү сурагы боюнча маалыматты тактап жатышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *