Бишкекте “Mansion” түнкү клубдагы мушташтан бир адам каза болгону айтылууда

Бишкектеги түнкү клубда мушташтан бир адам каза болду. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жана атын атагысы келбеген адам кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя 7-апрель көчөсүндөгү «Mansion» клубунда өткөн түнү болгон. Анда чатакташа кеткен эки жигиттин бири катуу соккудан улам эсине келбей каза болгон.

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык милициясы маалымат бере элек. Айрым маалымат каражаттары окуя боюнча кылмышка шектүү эки адам кармалганын жазышууда.

Булак: «Мантыш»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *