Бишкекте Опера жана балет театрынын мурдагы директору Болотбек Осмонов кармалды

Бишкекте Опера жана балет театрынын мурдагы директору Болотбек Осмонов кармалды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

КРнын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын экс-директору Б.О. (Болотбек Осмонов) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган.

Тергөө мурунку директор мамлекеттин кызыкчылыгына, ошондой эле маданияттын жана искусствонун кызыкчылыгына каршы келип, атайылап келишим түзүп, натыйжада бюджетке миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады.

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кармалган адамга карата чара колдонот.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *