Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Бишкекте премьер-министрдин кызмат ордуна эки талапкердин — Садыр Жапаровдун жана Тилек Токтогазиевдин тарапкерлеринин ортосунда митинг уланууда
Саясат

Бишкекте премьер-министрдин кызмат ордуна эки талапкердин – Садыр Жапаровдун жана Тилек Токтогазиевдин тарапкерлеринин ортосунда митинг уланууда

Бишкекте премьер-министрдин кызмат ордуна эки талапкердин – экс-депутат Садыр Жапаровдун жана “Ата Мекен” партиясынан талапкерлигин койгон Тилек Токтогазиевдин тарапкерлеринин ортосунда митинг уланууда.

Садыр Жапаровдун тарапташтары алдыга чыгып сөз сүйлөдү.

“Садыр Жапаровго жок дегенде бир-эки ай иштөөгө мүмкүнчүлүк бериңиз, анткени ал мындай каалоосун билдирген”, – деди анын тарапташтарынын бири митингдин катышуучуларына кайрылып.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-октябрда өкмөт үйүндө жаңы убактылуу премьер-министрди шайлоо боюнча жыйын өтүүдө. Жыйынга “Чоң Казат”, “Ата Мекен”, “Замандаш” партиясынан өкүлдөр катышууда.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт