Бишкекте #REакция 3.0. нааразычылык акциясынын катышуучулары Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алышты

Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарындагы  темир жол вокзалынын жанында #REакция 3.0. деген аталыштагы нааразычылык акциясы өтүп жатат.

Анын катышуучулары “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алынышына каршылыгын билдирип жатышат. Алар мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаеваны мандатын тапшырууну талап кылышууда.

Митингге мурдагы саясатчы Өмүрбек Текебаев да катышып, мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыкты.

Акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин алдына жүрүш жасап келип, акциясын улантышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *