Бишкекте троллейбус өрттөндү

Өрт өчүрүү кызматына бүгүн,  17-октябрда Юнусалиев көчөсүндө турган троллейбус күйүп жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул туурасында ӨКМ билдирет.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:36да КР ӨКМнин №4 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.

Саат 09:49да өрт  чектөөгө алынып, саат 10:05де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар болгон жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *