Бишкекте үч эм төрөлдү

Кечээ, 13-февраль күнү Бишкек шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 37 жаштагы Ш.Э. аттуу келин кесарево жолу менен көз жарып, үч эм төрөгөн, үчөө тең кыз. Учурда эненин да, ымыркайлардын да абалы жакшы. Наристелердин салмагы − 2,700 кг, 2, 560 кг, 2,800 килограмм.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *