Бишкекте унаанын айнегин сындырып, документтер салынган баштыкты уурдап кеткен кылмышкерлер изделүүдө

Бишкекте кылмышкерлер унаанын айнегин сындырып, анын ичинен баштыкты уурдап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрь күнү кечинде белгисиз адамдар Шакиров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында токтоп турган “BMW” үлгүсүндөгү унаанын айнегин сындырып кетишкен. Кылмышкерлер техникалык паспорту салынган баштыкты уурдап качып кетишкен.

Жабырлануучу милицияга бул окуя боюнча кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 90-беренеси (“Уурулук”) менен катталган.

Милиция кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *