Коронавирус эми чет элден келбеген, алар менен байланышта да болбогон, катардагы Бишкектиктерден да аныктала баштады

Буга чейин коронавирус чет жерден келгендерден жана алар менен байланышта болгондордон аныкталып жатса эми аларга тиешеси жок, катардагы шаардыктардын арасынан чыга баштады.

Акыркы сутка ичинде суусундук чыгарган ири компанияда соода агенти болуп иштеген жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда бир нече ММКлар жазып чыкты.

Ал жарандын каяка барганы ким менен байланышта болгонун текшергенде, ал эч жакка барган эместиги белгилүү болгон. Ошондуктан, инфекциянын жугуу себеби белгисиз.

Ошондой эле, Бишкекте жашаган Аламүдүн райондук сотунун кызматкеринен коронавирус аныкталды. Коронавирустун клиникалык белгилери пайда болгондон кийин, ал бир нече күн жумушуна барып жүрө берген.

Акыркы бир күн ичинде, COVID-19 жеке компаниянын техникалык адисинде дагы аныкталды. Анын айтымы боюнча, ал карантинде болгон жана ошол убакта үйүнөн бир гана азык-түлүк алганы сыртка чыккан.

Эки жума мурун, жеке фирманын кампачысынан да коронавирус табылган. Анын дагы ооруну жуктуруунун себеби белгисиз.

ДССУнун маалыматы боюнча, бейтаптардын 75-85%  коронавирусту үй-бүлөлөрүндө жуктурган. Ошондуктан адамдар жеке гигиена эрежелерин сактап, профилактикага киришкенге чейин, COVID-19нын таралышы улана берет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *