
Бишкекте “Фрунзе” турак жай комплексинде бир нече эркек киши батирди тоноп кетишти. Бул тууралуу Vesti.kg басылмасы жазып чыкты.
Жергиликтүү тургун ЖМКга билдиргендей, эркек кишилер батирдин эшигин ачкыч менен ачып, үйдүн ичин чачып, уурдалган буюмдарын баштыкка салып кетишкен. Орнотулган видеокамералардын жардамы менен уурулар батирде 2 сааттай болгону аныкталган.
Аларды турак жай комплексин кайтарган кароолчулары тарабынан кармалган. Андан кийин аларды милиция кызматкерлери алып кетишкен.
Ой-пикир жок