Бишкекте жол кырсыгы болуп, жеңил унаа маршрутканын астында калган

Бүгүн, 19-февралда Бишкектеги Т.Айтматов жана Салиева көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгы болжол менен саат 15:40та болгон.

Алардын айтымында, “Мерседес Спринтер”, “Митсубиси” жана “Мазда” үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган. Жеңил автоунаа маршрутканын астында калган.

Маалыматтар боюнча жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *