Бишкектеги айрым жерлерде 4 күн газ болбойт

30-ноябрдан 4-декабрга чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында газ болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, «Газпром» ЖЧКда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу төрт күнгө көгүлтүр от берилбейт. Тоголок Молдо, Карагачев, Дачный, Саадаев, Ак-Тилек көчөлөрүндө жана Чоң Чүй каналы менен чектелген аймактарда газ өчүрүлөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *