Бишкектеги бардык супермаркеттер иш графигин өзгөрттү

Өзгөчө режим абалы жана коменданттык саат 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилгенине байланыштуу Бишкек шаарындагы бардык супермаркеттер иш графигин өзгөртүштү. Бул тууралуу алар социалдык тармактарындагы баракчаларына жарыялаган.

Белгилүү болгондой, “Народный”, “Глобус”, “Фрунзе” жана “Ярмарка” супермаркеттери саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Ал эми “Алма” гипермаркети 08:00дөн 18:30га чейин иштейт.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча таажывирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен: Ош облусунда – 20 учур, Жалал-Абад облусунда – 19 учур, Бишкек ш. – 3 учур, Чүй облусунда – 1 учур, Баткен облусунда – 1 учур.

25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби киргизилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *