Бишкектеги Футбол борборун куруу маселеси эмки жылы карала турган болду

Бишкектеги Футбол борборун куруу маселеси кечээ, 27-декабрда Бишкек шаардык кеңеши карамак. Депутаттар сессияны 2020-жылдын 14-январына жылдырганына байланыштуу күн тартибиндеги маселе каралбай калды.

Эске сала кетсек, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңеши сессиясында Бишкектеги футбол борборун курууда жер бөлүп берүү маселеси каралып, анда Күкүрт кампасынын түштүк жагынан жер тилкесин берүү демилгеси көтөрүлгөн эле. Эмнегедир ал маселени депутаттар эмки жылга калтырып коюшту.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *