Видео – Бишкектин Көк-Жар конушундагы бала бакчада өрт чыкты

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Көк-Жар конушундагы бала бакчада өрт чыкты. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өрт өчүрүүчүлөр кызматына саат 15.20да телефон чалышып, өрт тууралу билдиришкен. – Бала бакчанын короосунда өрт чыккан. Алдын ала божомол менен трансформатор күйүп кеткен. Бригада ошондо эле жөнөп кетти. Жабыр тарткандар жок, – деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *