Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Бишкектеги митинг: 13 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат, бирөө каза тапты
Саясат

Бишкектеги митинг: 13 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат, бирөө каза тапты

Бүгүн, саат 8:00го карата Бишкектеги башаламандык учурунда 509 адам жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Алардын ичинен 439 жабырлануучу алгачкы медициналык жардамдан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген.

Ар кандай жаракаттарды алган 150 жабырлануучу ооруканага жаткырылды, алардын 13ү реанимацияда. 1 жабырлануучу каза болду.

Тез жардам борборунун 2 дарыгер жаракат алышты. Алар дагы ооруканага жаткырылган. Митингчилер алты тез жардам унаасын талкалашты.

Эскерте кетсек, буга чейин 75 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылганы маалымдалган. Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын 46сы укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Кечээ, 5-октябрда бир нече миң адам парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык ирээтинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулган. Жоон топ элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, кулак тундуруучу граната ыргытып, таратууга аракет кылган. Милиция менен кагылышуулар митингчилердин Ак үйдүн имаратына кирип келиши менен жыйынтыкталды.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт