Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Бишкектеги митинг. Фарид Ниязов кайрадан бошотулду
САЯСАТ

Бишкектеги митинг. Фарид Ниязов кайрадан бошотулду

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов бошотулду. Бул тууралуу адвокат Бакытбек Автандил уулу журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев дагы бошотулган. Алар иштин күбөлөрү катары өтүүдө.

Эске салсак, Фарид Ниязов 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыпталуучусу. 6-октябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери аны Бишкектеги СИЗО-1ден бошотушту.

9-октябрдагы башаламандык фактысы боюнча Алмазбек Атамбаев, анын жан сакчылары Дамир Мусакеев жана Канат Сагымбаев, ошондой эле айдоочусу Анвар Арматов кармалган. Ошондой эле “Кыргызстан социал-демократтар” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков кармалган.

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевдин ою башка экен, биздин жардамыбыз менен “Центерраны” кысып, соодалашкан окшойт”

Казак сенаты жарандыктан ажыратуу боюнча мыйзамды колдоду

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Бийлик саясий туткундар маселесин көңүл сыртында калтыруусу менен чоң ката кетирүүдө…”