Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Бишкектеги митинг: Сапар Исаковдун абактан бошотулушу күтүлүүдө
Саясат

Бишкектеги митинг: Сапар Исаковдун абактан бошотулушу күтүлүүдө

Кечээ, 5-октябрда, Ала-Тоо аянтында бир нече партиялардын митингдери болуп, ал башаламандыкка айланды. Андан кийин митинг ичи-тышы талкаланган “Ак үйдү” басып алуу менен аяктады.

Андан кийин, нааразы болгондордун бир бөлүгү УКМКнын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдөн кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бошотулушун талап кылышты. Ошондой эле, митингчилердин бир бөлүгү экс-депутат Садыр Жапаровду абактан бошотушту.

Сентябрдын аягында тергөө абагынан No27 колонияга которулган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жаза өтөп жаткан колонияга дагы барышкан.

Эске салсак, 9-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун кылмыш ишин кароону аяктады. Ал 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары, ал мамлекетке 247 миллион 650 миң 281 сом төлөп бериши керек.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт