Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Бишкектеги митингчилер Канат Исаев кызматтан кетпесе, үйүнө барып, баарын талкалайбыз деп коркутушууда
Саясат

Бишкектеги митингчилер Канат Исаев кызматтан кетпесе, үйүнө барып, баарын талкалайбыз деп коркутушууда

Бүгүн, 15-октябрда премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасына чогулушту.

Алар алгач президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылышты.

Көп убакыт өтпөй КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков өз кызматынан отставкага кеткенин расмий жарыялады.

Андан кийин алардын талаптары Канат Исаевди кызматтан кетирүү болду.

Митингге чыккандардын айтымында, 120 депутаттын бардыгы тең ушунча жылдан бери өлкөнү тоноп келишкен жана эл ушунун баарынан тажап бүттү.

“Биз Кыргызстандын сыртында ушунча жыл силер байып кетиш үчүн иштеген эмесбиз. Жакшы жашоо издеп жүрдүк. Жетишет баардыгы. Канат Исаев, эгер сен кызматтан кетпесең, анда биз сенин үйүңө барып, баарын талкалайбыз” – деп нааразычылык билдиришүүдө.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт