Бишкекти каптаган өрт

Акыркы бир айда эле Бишкекте чыккан өрт кырсыктары кооптонуу менен катар элди ар кандай бүдөмүк ойго салып койду. Көрүнүктүү эс алуучу жайлардын жана базарлардагы өрттүн арты-артынан өрт чыгышы коомчулуктун атайын жасалган иш деп шектенүүлөрүн күчөттү.

Акыркы бир айдагы “тилсиз жоо”

• Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында 2018-жылы 30-августта өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен имараттын 5-кабатынын 200 чарчы метри күйүп кеткен.

• Лебединовка айылындагы “Арзу” кафесиндеги өрт тууралуу билдирүү 1-сентябрда ӨКМге саат 21.09до келип түшкөн. ӨКМдин маалыматы боюнча өрттү өчүрүүгө 6 унаа тартылган. Жабыр тарткандар болгон эмес. Өрт чыккан маалда ресторанда той өтүп жаткан.

• 4-сентябрь күнү болжол менен саат 23:10 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө, Бишкек шаарынын “Мадина” соода базарында өрт чыкты деп билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, өрт базардын түндүк бөлүгүндөгү кампада башталган.

• 2018-жылдын 18-сентябрь күнү болжол менен саат 02:28 чамасында Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан “Супара” этно-комплексинде өрт чыккан. Өрттү толугу менен ӨКМ болжол менен таңкы саат 6:40 чамасында өчүрүшкөн. “Супара” этно комплексинин өрттөнгөн жери миң чарчы метрди түзгөн. Жаңы курулуп жаткан имараты жана алты боз үй күйүп кеткен.

Тынымсыз өрттүн чыгышы эмнеден кабар берет?

Искендер Гаипкулов, ЖКнын депутаты

– Менин оюмча, өрт шалаакылыктын айынан чыгып жатат деген ойго келет элем. Бул кафелердин, соода жайларынын кожоюндары өрткө каршы эрежелерди толук аткарбай жаткандан болуп жатат деп ойлойм. Ал эми саясий ж.б. максаттар болуп жатат деген пикирлердин болуп жатканы чындык. Аны эми тергөө органдары айтпаса, биз билбейбиз го.

Тазабек Икрамов, ЖКнын депутаты

– Бир учурда мынча көп өрттүн чыгышы көпчүлүктү таңдантып жатканы чындык. Кандайдыр бир провокациялык иштер болуп жаткандай туюлуп жатат. Бирок кандай болгон күндө да эксперттердин жыйынтыгына таянбай туруп бир жыйынтыкка келүү эрте. Мезгил бардыгын көрсөтөөр.

Калича Умуралиева, активист

– Ири соода жайларынын өрттөнүшүнө алардын ээлеринин ич ара талашы себеп болушу мүмкүн. Бийликте да менчикти бөлүштүрүү болуп жаткандай. Биз мунун баарын угуп-билип турабыз. Маселен, бир ишкердин байлыгын тартып алуунун эң оңой жолу өрт да. “Иштетпейбиз, менчигиңди бизге өткөрүп бер” дегендей коркутуулар болуп жатат деп ойлойм. Эми өрттөнгөн менчик жайлардын ээлеринин реакциясын байкап турушубуз керек. Баары ошого жараша ачыкка чыгат. Өрттүн себебин эки тараптуу караса болот, биринчиси – менчикти талашкандардын кара ниеттиги, экинчиси – Мамлекеттик экотехинспекциянын көзөмөлү толук кандуу жүрбөй жатканы. Баланча сандагы көзөмөл болду, түкүнчө айып пул салынды деп айтып кетпедиби. Бирок ошол көзөмөлдүн жыйынтыгы оң натыйжа бердиби? Өрт токтобой эле улам бир жерден чыгып жатпайбы?!

Жыргалбек Турускулов, ЖКнын депутаты

– Эң биринчи курулуш иштери жүрүп жатканда тех.инспекция текшерип, стандартка туура келет деп жыйынтык чыгарыш керек. Бизде тилекке каршы, жыйынтык кагазын курулуш бүткөндөн кийин алып алышат. Ишкерлер жумушка алган кезде коопсуздук эрежелерин үйрөтүп, коопсуздукту билген кызматкерлерди алыш керек. Мурда ушундай жагдайлар болгон. Криминалдар тарабынан кыйноого салып, акча бербесең жок кылабыз деген сыяктуу. Азыр эми андай көрүнүштөр барбы-жокпу ал жагын билбейт экенмин.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу

– Бул маселени иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыгарып берет деп ишенем. Менин оюмча, ири базарлардын, “Супаранын” өрттөнүшү жөндөн-жөн эмес деп ойлойм. Конкуренттик база менен талаш-тартышка байланыштуу болушу мүмкүн. Балким курулуш учурунда азыр сырткы келбетин кооздоо үчүн арзан, сырты жалтырак, ичи калтырак материалдарды колдонуп калышпадыбы. Балким ал да себеп болушу мүмкүн. Менин ичим өтө ачышканы “Супара” этно комплекси болду. Себеби кыргыздын көөнө тарыхын чагылдырган, улуттун жүзүн көрсөткөн жай эле да. Ушул нерсеге мен абдан ичим ачышты. Ал эми Улуттук филармонияда болсо, эскирген электр зымдарынын кесепетинен чыкты го деп ойлойм. Көптөн бери каражаттын айынан жаңыртылбаса деле керек.

Гүлмира Шаршеева

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *