Бишкектик «Алга» футболдук клубунун курамасына украиналык футболчу кошулду

Бишкектик «Алга» футболдук клубу украиналык футболчу менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун маалымат катчысы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы сезондо «Алга» клубунда украиналык жарым коргоочу Влад Павленко ойнойт. Футоблчу менен клубдун ортосунда 1 жылдык келишим түзүлдү.

Буга чейин 24 жаштагы футболчу «Таврия» (Симферополь, Украина), «Говерла» (Ужгород, Украина), «Витеоск» (Витебск, Беларусь), «Навбахор» (Наманган, Өзбекстан), «Машал» (Карши, Өзбекстан), «Сурхон» (Термез, Өзбекстан), «Никополь» (Никополь, Украина) футболдук клубдарында күч сынашып келген.

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *