Бишкектин депутаттары Оштун депутаттарын футболдон 3:2 эсебинде утуп алышты

Бүгүн, 7-декабрда Бишкекте Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары жана Ош шаардык кеӊешинин депутаттары футбол боюнча беттешип, оюн 3:2 эсебинде Бишкек шаардык кеӊештин депутаттарынын пайдасына бүттү.

Биринчи таймды ОШ шаардык кеңешинин курама командасы 2:0 эсеби менен утуп, эс алууга чыгышкан.

Экинчи таймда БШКнын курама командасы оюнду өз пайдасына буруп, 3:2 эсеби менен утту!

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *