Бишкектин комендатурасы Ленин РИИБнин башчысы Мадияр Кулуев эмне себептен кызматынан бошотулганын айтты

Бүгүн, 7-апрель күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мадияр Кулуев ээлеген кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев койгон. Бишкектин комендатурасы Мадияр Кулуев эмне себеп жумушунан бошотулганын түшүндүрдү.

Комендатура Президенттин 2020-жылдын 24-мартындагы № 55 Указы менен Бишкек, Ош жана Жалал-Абад, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Сую райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилгендигин эскертти.

“Өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы, кадрлардын контролдугунун жоктугу, кадрлар менен тарбия иштеринин талаптагыдай жүргүзүлбөгөнү, Бишкек шаарынын комендантынын, Борбордук ички иштер башкармалыгынын жана Ички иштер министрлигинин көрсөтмөлөрүн жана буйруктарын аткарбаганы, ошондой эле өзгөчө кырдаал учурунда бардык бийликтер жана жарандар таажывирус пандемиясынын дүйнөлүк коркунучуна туруштук берип жаткан учурда Кыргызстандын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бузгандыгы үчүн, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги буйругу менен түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде, анда одоно мыйзам бузуулардын бардык фактылары аныкталган, 7-апрелде Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Мадияр Кулуев комендант Алмазбек Орозалиевдин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган” – деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *