Бишкектин Саламаттыкты сактоо департаменти алты тез жардам унаасын сатып алат

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти Бишкек тез жардам медициналык борбору үчүн алты тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Такталгандай, атайын унааларды сатуп алууга 14 миллион 740 миң сом каралган. Өтүнмөлөр 2020-жылдын 15-июлуна чейин кабыл алынат.

Унаалар жалпы багыттагы тез жардам бригадаларына арналат. Алар керектүү диагностикалык жана дарылоочу шаймандар менен жабдылышы керек: бейтапты кычкылтек менен камсыз кылуу, электрокардиограф, небулайзерлер, дары-дармектерди сактоочу чемодандар.

Белгиленгендей, Саламаттыкты сактоо департаментинде 64 тез жардам унаасы бар, алардын 30у жарактан чыгып калган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *