Бишкектин “Жал” кичирайонунда 3 млн сомго эс алуу жайын курганы жатышат

Жакында “Жалдагы” №12 үйдүн жанына коомдук эс алуу жайдын курулушу башталарын Бишкек мэриясы 6-ноябрда кабарлады. Долбоордун баасы – 3,3 млн сом.

Аянттарды уюштуруу үчүн 786 метр квадрат жер тилкеси бөлүнгөн. Ал жерде 18 көчө жана спорт тренажерлору, олтургучтар орнотулуп, өзгөчө жарык берген чубалгылар тартылат. Футбол сүйүүчүлөргө эски талааны заманбап кылып оңдоп беришет.

Долбоордун эскизин “Бишкекбашкыархитектура” ишканасы иштеп чыккан. Каражат шаардын бүджетинен бөлүнгөн. Аянтты курууга конкурсту BMAsisst компаниясы утуп алган, алар курулушту бир нече айдын ичинде бүтүрөбүз деп убада кылышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *