Битир-садага берүүнү унутпаңыз

Кыргызстандын муфтияты быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар экенин билдирди. Аны базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди. Буудайдан сырткары, ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг. 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда мейиз – 384 сом, ун – 40 сом, арпа – 48 сом болсо, курманын баасы 480 сомду түздү. Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу менен мечиттерде бере алышат.

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *