Биздин футболчулар эми  Өзбекстандын футболчулары менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.

Алардын айтымында, жолдоштук беттеш 9-ноябрда Ташкенттин “Пахтакор” стадионунда өтөт.  Андан соң, футболчулар Бишкекке кайтып келип, 14-ноябрда Японияда, 19-ноябрда Тажикстанда боло турган мелдештерге даярдык көрөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *