Бөдөш Мамырова, ЖКнын экс-депутаты: “Бийлик дагы, байлык дагы, ал тургай кызмат орун дагы чындыкты сүйөт”

“Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов таасын ой калтырып кетти. Анткени, адам деген атты сактап жашоо үчүн адамдын жан дүйнөсүнүн, дилинин, көкүрөктөгү ички туюмунун, кулк-мүнөзүнүн тазалыгы менен жасаган иш-аракети дал келиши кажет. Адамдык сапатты бийик тутуп жашоо кечирген адамдар сейрек. Бүгүнкү каарманым, мына ошол сейректердин бири. Чынжырдын сапаты эң жука жеринин бекемдиги менен барабар. Бөдөш айымдын патриоттуулугун мындан билсек болот, “мен жасадым” деп көкүрөк койгулабастан, кыргыз эли үчүн жасаган иштери далил болуп турат. Эли-жерим деп талыкпай кызмат кылып келгени турмуш тажрыйбасынандыр. Бул оюбуз дагы да тагыраак болушу үчүн “элдин кызы” деген атты татыктуу алып жүргөн ЖКнын экс-вице спикери, Жогорку Кеңештин 5-жолку чакырылышынын депутаты Бөдөш Мамырова менен болгон ары кызыктуу, ары таасирдүү маекти жарыялайбыз.

— “Досуңдун бычагы менен мүйүз кес” деп коюшат экен, досчулукка кандай карайсыз?

— Албетте, бул улуу сөз!.. Атам замандан бери келе жаткан досчулуктун өтө чоң мааниси бар. “Досуңдун бычагы менен мүйүз кес” деген кеп бычактын курчтугунда эмес, досуңдун сага берилгени, ишеничиңе киргени, кубаныч-кайгыңды тең бѳлүшѳ алган деген салыштыруу. Жашоодо үй-бүлөң, ата-энең, бир тууганың менен дагы бир маселени сырдаша чече албаган учурлар кездешет. Мына ошондо кыйышпас доско кѳкүрѳк ѳйүгѳн сырыңды тѳгүп, жан дүйнѳнү тынчытып, ак дилден жардамга келип кол суна жашоонду ѳзгѳрткѳн мезгилдер болот. Акыркы убакта доор алмашып мезгил ѳзгѳргѳнгѳбү, айтор, досчулуктун баркы бааланбай дагы баратат. Досчулукта жашооңдун башынан аягына чейин саналуу адамдар менен эле толукталбайт тура. Бала кездеги дос — классташтар. Жалындаган жаштык кезиңдеги дос — группалаштар. Үй-бүлө күтүп достошкон кез — үй-бүлөлүк достор. Кесипкөйлүктө жолуктурган дос — пикирлеш, санаалаш достор. Негизи ар биринин ѳзүнчѳ орду, эсте калган мезгилдери болот. Кыргыз түпкүлүгүнөн досчулукка терең маани берип урматтаган калк катары “аккан дос” деген мааниси терең терминди калтырган. Кыргыз эли досту “пайгамбар кошкон дос болот” деп пайгамбарга тете баалашкан. Достукту барктуу алып жүрүү дагы ѳзүнчѳ баалуулук жана ѳзгѳчѳ касиет.

— Эстүүлүктүн эрежесин билгендерге караганда, ошол эрежени сактаган аялзаты бийик турат экен. Дегеле, эстүү аялзаттын башкалардан айырмасы кандай?

— Туура. Баары эле жакшы, эстүү, акылгөй аял болгусу келет, ошол эле учурда ар бир аялзатынын түшүнүгү дагы ар башка, байкалбаганы менен аялдын түйшүгү оор. Эстүүлүктүн эрежесин сактап алып жүрүү да абдан жоопкерчиликтүү. Адатта, жолдошуна сүйүктүү жар, балдарына мээрман эне, коомдо өз орду бар мыкты аял болуу дагы өтө чоң акыл-эсти талап кылары турган иш. Баарына акыл парасаты менен жетип, системдүү түрдө ирээти менен дараметине жараша иш кылган, ошол эле учурда нарк-насил, кадыр-барк күтө билген нукура баалуулуктарды алып жүргөн, барга көппөй, жокко чөкпөгөн, салт-санаалуу мүнөз күткөн аялзатын зирек, эстүү аял дейт элем. Кыргыз элинин тарыхында акылга акыл кошкон эстүү зайыптар болгон да. Биз ошол нарктуулардын уландысы болгонго милдеттүүбүз…

— Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырсаңыз, бүгүнкүгө чыккынчылык кылган менен барабар дешет. Бир иштин аягына чыгасызбы же…?

— Таамай сөз. Анткени бүгүнкү айтылган иш бүгүнкү мезгилге ылайык бүгүнкүнүн маани маңызын камтып, жыйынтыгы болот. Эртең эскирип маани-маңызын, баалуулугун жоготот. Ар бир ишти убагында жасап, бүтүргөндө коомго ийгилик апкелет. Мен ошол жолду тандаган аялзатынын катарындамын.

— Элдин баарында кемчилик болот, себеби ал каны менен кошо бүтөт. Сиздин кандай кемчиликтериңиз бар?

— Кемчиликсиз адам болбойт. Пенде болуп жаралгандан кийин, баарыбызда өзүбүзгө байкалбаган кемчилигибиз бар. Кемчилигиңди сезе билип, убагында баа берүү дагы өзүнчө бир касиет, ошол эле кезде ал ар кимде ар башка. Өтө одоно түрүндөгү кечирилгис кемчилик жана күнүмдүк жашоодо кездешкен байкалбаган кемчиликтер бар. Коом байкаардан мурун өзүңө сезилген сабырдуулук менен өзүңө өзүң сын көз менен карап алдын ала сезе билген бул пайдалуу кемчилик. Кетирген катаңды моюнга албай, меники туура деп көшөргөн адат — бул кечирилгис кемчилик. Менин дагы өтө одоно болбосо да эл катары кемчилигим бар. “Чымчып алар жүнү жок, чыңыраарга үнү жок, боорунда буту жок, жылан байкуш кантти экен” деп көчмөндөрдүн философиясына айланган Асан Кайгыдай өтө санаачылдыгым бар. Жакырды көрсөм жаным кейип, байкушту көрсөм башыма санаа үйүп кечке ойлонуп аяй бермей адатым бар. Селсаякты көрсөм деле эмнеге тагдыры ушундай болуп калды, бул деле бапырап бардар жашоо болбосо да элчилеп жашоого акысы бар эле да, кай жеринен жазып ушундай тагдырга туш болуп, эмне түрткү болду экен деп көпкө унутпай ойлонуп жүрө бермейим бар. Ушул сыяктуу ойлордун ден соолукка терс таасири бар экенин билип, жүрөгүмдөн өткөрбөй алып салайын дейм, бирок ага да бир топ убакыт коротом. Кыйытып кытмырланбай бетке айтып салмай, өзүмдүкүн артка түртүп өзгөлөр үчүн өзөгүм үзүлгөнчө жан кыйнаган кашкөйлүгүм да бар. Экинчи кемчилигим өзүмдөй көрүп, айрымдардын куулук-шумдугун, карасанатайлыгын аңдабай, ишеничимден орун берип алганымда. Качан гана көзүм менен көрүп, жон терим менен сезгенден кийин жакын-алысына карабай, жашоомдон өчүрүп такыр эсимден чыгарып ишеничтен чийип салам. Кечирем, бирок кайрылып баспаган мүнөзүм бар. Бул адаттарды өзүм анча элес албаганым менен жакындарымдын баамында кемчилик катары сыпатталып келет.

— Адамдын ким экенин, анын кызыккан китебинен байкаса болот экен. Кандай жанрдагы китептерге жакынсыз?

— Биздин муун китепкөй болуп, жаңы чыгармаларды күтүп, издеп окуп чоңойдук. Мен китепти көп окуган окурмандардын катарын толуктайм. Бала кезден чоң-чоң чыгармаларды окудум. Классикадан баштап, эпос, көркөм чыгармаларды акындардын поэзияларына чейин окудум, айрыкча тарыхый жанрдагы китептерге жакынмын. Сап башында турган Т. Касымбековдун “Сынган кылыч”, “Кел-келинен” тарта, К. Жантөшевдин “Каныбек” К. Баялиновдун “Ажар” М. Элебаевдин “Узак жол”, Т. Сыдыкбековдун “Тоо арасында”, З. Сооронбаеванын “Астра гүлү”, “Чоочун киши”, М. Горькийдин “Эне” романы, М. Шолоховдун “Тынч Дон”, Ш. Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр”, Р Гамзатовдун “Менин Дагестаным”, Ч. Айтматовдун бүт чыгармалары, деги жаңы чыккан китептерди көз жаздымда калтырбай окуп чоңойдук да. Кийинки мезгилде китеп чыгаруу кыйын болдубу же жакшы чыгарма жаралбай жатабы окурман деле азайып, салмактуу китеп деле чыкпай, көркөм дүйнө ээнсиреп калгандай. Жеңил-желпи, бүгүн окуп эртең унутулчу китептерге табит тартпайт. Кийинки кездеги чыккан китептерден Ш. Дүйшеевдин “Агындылар” аталыштагы турмуштан алынган башкача бир стиль менен жазылган, нукура жашоону чагылдырган жашообузга жакын чыгармасын окудум. Окудум да чыгармадагы сюжеттен, каармандардан өз айылымды таптым, тапкандан да чыгарма Ат-Башыдагы эле чоң эне менен небере эмес, каармандары Алайда менин айлымда жашагансып элестетип окудум. Мен сыяктуу эле ар бир окурман өз айлын, өз каарманын таба турган таасирдүү чыгарма. Көрсө, кайсы аймакта (Алайбы, Ат-Башыбы, Аксыбы, Чүйбү, Таласпы) жашабасын нукура кыргыздардын турмуш-шарты, жашоо образы бирдей опокшош эле турбайбы. Элди тоолор эле бөлөт турбайбы, бирдей эле мүнөздөгү эл турбайлыбы деген жакшы түшүнүктү калтырган китеп. Мына жакында эле мамлекет Кубатбек Жусубалиевге Кыргыз эл жазуучусу наамын ыйгарды. Анын дагы жазуу стили өзгөлөрдөн өзгөчө. Жер менен жуурулушуп, карапайым калкка жакын жазуучу. Прототиптери өз жашоосунан алынган. Бир күндүк окуяны камтыган “Муздак дубалдар”, “Күн автопортретин тартып бүтө элек” чыгармасы. С. Раевдин “Жанжаза” деген китеби колума тийди. Кийинки окуган китебим белгилуу журналист Б. Назаралиевдин “Баткен туткуну” “Кун” деген китеби болду, китепти эңсеп калгангабы үч эле күндө окулуп кетти. Деги койчу, поэзиянын алптары Алыкул Осмонов, Омор Султанов, Майрамкан Абылкасымова, Жолон Мамытовдун, Турар Кожомбердиев, Анатай Өмүрканов жана башка акындардын ырларына сугарылып жашадык го. Омор Султановдун “Сен жөнүндө поэмасын” кайра-кайра кайталап окуй берем. Ата-энеден алган тарбиядан кийинки эле тарбияны китептен аласың. Жаштарга айтат элем, китепти көп окугула. Китеп — тарбия, китеп — акыл –эс, китепти көп окуган тантык эмес, таамай, көркөм сүйлөөнүн устаты болот.

— Жан дүйнөңүздүн боштугун эмне менен толтурасыз?

— Ар бир адамдын жан дүйнөсү өзүнө гана энчи. Биз совет доорунда “келечекте коммунизмди курабыз” деген чакырык менен чоңойдук. Эртеңибизде жаркын келечек тургандай, жашоого үмүт артып тарбияландык. Жан дүйнөнүн боштугун өтө эле сезе бербей, башкача айтканда, бош экенин билбей шатыра-шатман, жаштыгыбыз оюн-күлкүгө тойбогон мезгилге жуурулушуп, үй -бүлө түптөп, анын милдетин аркалоо менен жашадык да. Кыргыз аялзатынын канында барбы, көтөрүмдүү, сабырдуу, кайраттуу, жашоонун күрөө тамыры менен кошо жуурулушкан кыйынчылыкты деле көбүртүп-жабыртып эле наалый бербеген, ыңгайына жараша жашоого ылайыкташкан пенде болот турбайлыбы. Анын үстүнө биздин муун атеисттик тарбияда өкүм сүргөн менен ыймандуу болгон экенбиз. Ошондуктанбы интернет, инстаграмы жок эле, биринин жан дүйнөсүнө бирөө баш бакпай, ар ким өз чөйрөсүндө үй-бүлө, карым-катышы, бала-бакырасы менен эле бапырап, бейпил жашоо кечирип келгенбиз. Жан дүйнөнүн боштугу удургуган мезгилге туш келгенде, тагыраак айтканда, союз кыйрагандан тарта көбүрөөк байкала баштады окшойт. Кайда караба инстаграмм интернеттерде арманын айтып жан дүйнөсүн араандай ачып салган эле аялзаттар пайда болду. Айта берсең эле толуп ташып калмак беле. Эми пенде болгондон кийин ар кимдин өзүнө жараша жан дүйнөсү, боштугу, толугу болот эмеспи. Мен жан дүйнө боштугун жакшы китеп окуп, жакшы ыр угуп, жакшы адамдардын акыл насаатына таасирленем. Негизги менин жан дүйнөмдү бош калтырбай, толуктап турган нерсе — балдарым, алар менен чер жазыша сүйлөшүү менин акылыма акыл кошуп, дем-күч берип жан дүйнөмдү тазартып турат. Айрыкча неберелерим менин жан дүйнөм, алардын ар бир кыймыл-аракети кылык-жоругу, жашоомдогу негизги байлыгым, башка эч нерсенин кереги жоктой дүйнөм түгөл жан дүйнөм толуп турат.

— Өжөрлүк чечкиндүүлүктүн ачкычы дегенге кошуласызбы?

— Албетте, алдыга чоң максаттарды коюп, аны иш жүзүнө ашырууну көздөгөн жол өжөрлүктүн жолу. Өжөрлүккө синоним — бул тайманбастык. Тайманбастык бара-бара чечкиндүүлүккө алып барат. Чечкиндүүлүк коомду бир калыпта кармап, өнүгүүнүн негизин түптөйт. Беттегенин бербеген көктүгү, кайратынан кайтпаган көкжалдыгы бар адам мамлекеттин келечеги, элдин эртеңкиси, тарыхтын негизин түзгөндөр болгон. Чечкиндүүлөр эч качан сүрмө топто болуп, агымды ээрчиген эмес, дайыма алардын багыты анык болгон. Андай көкжалдардан кыргыз элинин уучу кур эмес болгон.

— Чындыкты канчалык деңиз түбүнө көмбөйлү, акыры бир күн самандай калкып чыгат. Ишмердүүлүгүңүздө чындыкты туу туткандардансыз…

— Чындыктын түбү терең. Деңиздин түбү дагы өтө терең. Чындыкты чыркыратпай бир гана терең деңизге катса болоор, болбосо эч нерсеге сыйбайт, андан да тазалыгы жагынан бир гана суу туура келет дегендей өтө таасирлүү салыштыруу. Илгери “кыңыр иш 40 жылда билинет” дечү экен, азыр 40 айга жетпей чындык кашкайып чыгып калууда. Аны деле мезгилге жараша бурмалап, өзүмө ылайыкташтырам деген менен ал өтө басмырланып, мезгилге туруштук бере албай, адамдардан акыйкатты үмүт кылбай, өз алдынча күрөшкөндүктөн, бат эле чыга калып жатат окшойт. Бирок чындыкты убагында баалап, тереңдигин таанып, аяр мамиле кылганда гана ыйман сакталып, адамгерчилик жоголбойт эле. Көзүңдү май баскан мансап, байлык-бийлигине манчыркап калганда, чындык кирдеп айласыз чыркыраган бойдон сенден качат. Анан мөңгү суудай тазарып, кайра кайрылып, эми кашкайган чындыкты каякка катаар экенсиң, эми адилеттик, абийирдин астында кандай жооп берер экенсин, чыркыраган чындыкты көтөрө алар бекенсиң деп кайра өзүңө суроо салганда, чындыкты түбү терең деңизге да ката албастыкты түшүнөт тура. Түшүнүп эле тим болбостон, «аттигиниң!!!» деп өкүнгөндөр да болуп жатпайбы. Өз кызыкчылыгыңды көксөп, чындыктан баш тарттым дегенче, анын кайра кайтып келиши күмөн, чындыкты издеген сайын, ал сага тетири бурулуп өзүн ала качканы, бул өкүнүчтүү жагдай. Бийлик дагы, байлык дагы ал тургай кызмат орун дагы чындыкты сүйөт.

— Азыркы убакта коррупция менен күрөшүү жүрүүдө деп жатабыз, бирок коррупциянын тамырын үзүүгө болбойт чыгар, сиз кандай ойлойсуз?

— Коррупция деген бүгүнкүнүн модага айланган термини болуп калды. Анткени чоң-кичинесине карабай кызматка келгендин баары эле коррупция менен күрөшөм, аны түп тамыры менен жок кылам деп айтышат. Бирок коррупцияны түп тамырынан жоюу өтө кыйын. Анткени анын тамыры бизде болуп көрбөгөндөй тереңдеп кеткен. Жок кылууну максат кылганда, өзүң таза болуп жемкорлор менен табакташ болбой, абдан кылдат иш жүргүзүп, мамлекеттин чөнтөгү менен өзүңдүн чөнтөгүңдүн айрымасын сезе билүү керек. Аалымдар айткандай, “кепиндин чөнтөгү жок“ экендигин, жашоого жылаңач келип, жылаңач кетериңди, жемкордун тапкан оокатынын буйругу, түпкүлүгү, күмөндүү экенин кийинки окуялар тастыктаганын жүрөгүндө, жүз жолу кайталап турганда гана тамыры куурай баштайт беле…

— Биздин доордо мамлекетибизге абадай зарыл болуп турган эмнелер туурасында ой жүгүртүп келесиз?

— Бизге жогорку адамдык сапат, таза ыйман зарыл болуп турат. Ар бирибиздин көөдөнүбүздө ыйман, аруулук, акыл-парасат болмоюн коом артка кетип жатат. Кыргыздын кыргыз экенин, уюткулуу улут катары тастыктап турган кайталангыс каада-салт, нарк-насил, үрп-адатыбыз, түпкү тарыхыбызды айгинелеген баалуулуктарыбыз бар. Кай жерге барбайлы, кыргыз экенибизди туюндурган кулк-мүнөзүбүз, үрп-адатыбыз менен айрымаланып турарыбыз бир чындык. Дин жолуна түштүк деген азгырык менен тарыхыбызда жок жөрөлгөлөр көбөйүп кетти. Мен да өзүмдү салттуу исламды тутунган мусулман пендесимин деп эсептейм. Кыргыз кыздарына ар бирине өзүнө жараша бой-келбет, ай чырай берген. Акыркы кезде ошол Жараткан берген жакшынакай келбетти жашырып, оронуп-чулганган башкача бир салттарды карманып калдык. Кыргызга ушул адаттардын зарылчылдыгы бар беле?! Мен келечек үчүн аябай ойлоном, ушунун аягы кай жакка барып токтоор экен деп. Өз каада-салтын сактаган тарыхы терең эл “жетеленме калк” болуп калдыкпы. Кайсы агым болсо, ээрчип кете беребизби?! Кыргызымдын ажайып баалууулуктары унутта калып калабы деген коркунуч жатат. Дагы бир маселе, илгери ар бир өрөөндүн кыздары бири-биринен айырмаланып турчу. Азыр кыздарыбыз “сиам эгиздериндей” окшошуп, жасалма сулуулукка ооп баратышат. Алтургай бир туугандар бири-биринен айырмаланып турчу, ал эми азыр баары бирдей окшош: каш окшош, көз окшош, жүз окшош. Нукура сулуулукту же кара чүмбөткө чүмкөнүп бекитет, же жасалма жүз менен алмаштырып салышты…

— Кыргыз элинин улуу мурасы деп эмнелерди айта аласыз?

— Кыргыздын улуу мурасы — биздин тилибиз, нарк-насилибиз, өзгөлөргө окшобогон каада-салтыбыз, терең тарыхыбыз жана улуттук баалуулуктарыбыз. Негизги мурасыбыз — мамлекеттүүлүгүбүз. Улут катары бир жерге, бир элге батпаган канчалаган эл бар. Кудайга шүгүр, өзүбүздүн мамлекетибиз, эгемен элибиз, аймактык бүтүндүгүбүз бар.

— Расул Гамзатовдун жакшы сөзү бар: “Эртең тилим жоголоору чын болсо, анда мен бүгүн өлүүгө даярмын” деген. Кыргыз тил боюнча көйгөйлөр улам барган сайын күчөп баратат…

— Тили жок улут болбойт. Тилибизди жоготконубуз түпкүлүгүбүздү, ата-тегибизди эле эмес, улутубузду жоготкон менен барабар. Алп акындарыбыздын бири Байдылда Сарногоев айткан — “кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн”, не деген шедевр! Быйыл кыргыз тилинин 30 жылдыгы белгиленди. Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн каражат сарптап, уюм түзүп мыйзам менен бекемдөөнүн өзү кыргыздар биз үчүн уят нерсе. Кыргызстанда жашаган башка улуттарды кыргыз тилин үйрөн деп таңуулоонун өзү дагы осол иш, ошол эле убакта жыйынтык бербеген куру убара. Кыргыз тилин билбесе алдыда кандай түйшүк күтүп турарын, болгон мүмкүнчүлүгүнөн куру калаарын сезгендей зарылчылыкты жаратуу керек. Бирин-экин ырды жаттап алып сахнага чыгып ырдап жаткандарга көйнөгүбүзгө батпай кубанып алакан чаап турабыз. Ал ырдын маанисин түшүнүү менен ырдап жатканы түк ойлондурбайт, ошол эле маалда улутту сыйлагандык тилди үйрөнүүгө болгон далалат катары эмес, жөн гана убактылуу алаксытуу. Албетте, биринчи кезекте өзүбүз кыргыз тилин жогорку деңгээлде сүйлөп, тилдин зарылдыгын, баркын, баалуулугун көтөрүшүбүз керек. Башка тилди аралаштырып сүйлөп, тантык тилге айландырбай, экинчиси акча коротуп таңуулабастан зарылчылыкты жаратуу керек.

— Адамдын ысымы менен жашоодогу маңызы билинет дегендей, атыңызды ким койгон?

— Менин азан чакырылып коюлган атым башка. Кичинемде көзүм чоң, өзүм кичинекей кыз болгом го, чоң энем Ботокөзүм деп эркелетип жүрүп, бир туугандарымдын тили келбей өзгөрүлүп, Бөдөш болуп калыптырмын. Эмне маанини берет билбейм. Мага жеткен мааниси, ошол энемдин эркелеткенинен келип чыккан ат.

Динара Асылбекова

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *