Бөкөнбай Боркеев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер: «Койчу көп болсо…»

Дегеле кыргыздарга демократия жакпайт экен. Ырас, бетке айткандар үчүн жакшы деңизчи, анткени кожоңон коркпойсуң, бирдеме десе эле митинг деген немеге чыга келесиң. Бирок анын кынуусун алып алган кайран кыргыз катынына таарынса деле өкмөт үйүнүн алдына топурагын түйүп алып бара берип, ошондой «оёндордун» ордосуна айландырып ийди. Болбосо кан жолду бууп, иши күйүп бараткандардын айласын алты кетирет. Маалыматчылар ошондой кыр көрсөтүүлөр  кычап турган маалда майда-чүйдөсү менен үч миңден ашты дешти го. Деги Атамбаев азамат экен, ошол эдиреңдердин эбин таап, жемкорлордун куйругун кысып, эл аралык алакада да өзүнүн аптирети күчөп, ага ишеним бүчүр байлай баштаганда,  жакшы жүрүп бараткан ишти өзү бүлүндүрдү.

Кошуна өлкө башылары ажолукка аттан деп сунуштаса да, «кийинки шайлоого барбайм» деп, бир айтып бир койбойт, эки айтып эки койбойт. Ээ,  айланайын, көрказгычтарга (ликвидатор) жем таштап, атаандаштарынын  шайтанын козгобой, жөн турса, Текебаевдин менчик Башмыйзамында көрсөтүлгөндөй, ансыз деле ага баралбайт болчу. Жок, ашууда ат алмаштырууга болбосун билип турса да, бүлүндүргүчтөрдүн бүйүрүн кызытып, «өткөрүп берем»  деп  өкүм-өкүм айтып атыры. Ишенген кожосу тигинтип айнып атса, арким алдалдынан тал кармап, көзкарашы кылтылдап турган куйтулар колунда бар кодура көпөстөрдүн колтугуна кире качып, элиң эмине болсо ошо болсун деген оомо оюнга өтүп алды.

алкын кырды-бычак кылып, керек болсо кыргынга салып коюп, элди эренге түртүп, өзүлөрү «тереңге» сүңгүп кеткен Акаев менен Бакиевден кийин жалкып калган кыргыздар эмне кыларын билбей деңдароо болуп турганда, Текебаев Батыштын тукуругу менен Башмыйзамды өзүнө ыкташтырып чүргөй салды эле, тагдыры бычак кырындагы кыргыздар чийкилей эле күрмөй салды.

Текебаевдин жөнүн түшүнсө болот, таптаза мектеп астанасын аттап келген маалим «мурда өлүп көрбөгөн» кыргыздар үчүн мыйзам  деген дыңды бузуп кирди. алдым-жуттуму жок адилетчил адис адегенде бийлик бутагында ары-бери урунуп-беринип жүрдү. Анан Батышты саап ичип жаткан  жулкунбайлардын жумуруна жук болбогон дүнүйөсүн көрдү да,  заманына жараша «бөрү» болуп, бекер оокатка беш чеңгелин матырып ийди. Дегеним, «үйүм жок, машинем жок» деп, «итке минип» отурбайт беле, Ортосайда олчойгон сарайы унааканасы менен бар экенин билбесем айтпас элем. Мейли, элди жеген жемкорлорго караганда, «койчу көп болсо, кой арам өлөрүн» билген кыргыз насилине коошпогон парламенттик башкаруудагы Башмыйзамды Батыштын тукуругу менен чампалай коюп, өзүн акыркы чындыктай сезип,  маарып тургандыр. Бешинчи чакырылышта Жылдыз Жолдошева: «30дай эле депутат иштейбиз, калганын тааныбайт экем» дегендей безилдеди эле го. «Кой аксагы менен миң» дегендей, 132 депутаттын жүздөйү насыя же алатоону абишать этип сатып алган добушун акташ үчүн арбир тармак боюнча сырттан адистер даярдап келген мыйзам долбоорлорун өз атынан каттатып, ошондогу төрага Асылбек Жээнбековдун кыбачысына кыстарылган «пионервожатыйлар» эле. Ошол мыйзамдардын арасында, маселен, «орусча «и» тамгасы «жана» дегендин ордуна «менен» болуп туура эмес которулуп калган» дегендей обужок өзгөртүүлөр бар (мен муну ошо маалда ошерде иштеген адам катары айтып атам).

Анан эмне болду, элдин 44 пайызы катышкан шайлоодо утуп чыккан 6 партиянын ыркы келишпей, аларың оппозициячыл Республика-Атажурт партиясына Башмыйзамда каралган энчисин (министрликти) бербей, мыйзам чыгарбай эле өзүлөрү көрсөткөн өкмөттү иштетем менен убара болуп өтүп кетишти. Батыштагылар Текебаевге «койчу көп болсо, кой арам өлгөн» парламенттик башкаруудагы Башмыйзамды ушундай ыдыратма саясат менен сунуштаганы ыркы келишпеген партиялардын мисалынан көрүнүп турат. Ошондуктан улут насилине (менталитетине) коошпогон Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү көпчүлүк элдин талабын ажобуз Алмазбек Атамбаевдин колдогону жөндүү. Каршы чыккандардын анабашында «элге берген куруттан мени неге куруттуң» деген табакташ Убактылуу +кмөт менен Атамбаевден ыкыс жегендер турганын туталанып айтты го.

Текебаев Башмыйзамды парламенттик башкарууга өткөрүп,  20-жылга чейин кол тийбес кылып таштаганы түшүнүктүү. Биринчиден, ал Ажо боло албасын билет. Башкаруу чоожайын балекеттей түшүнгөнү менен, иштин майын чыгара албасына көзү жетет. Анткени балкитеп боюнча Текебаев – Мечин (1956-жыл) жана Текечер (22-декабрь) Мансап баскычынын баш жагында баарын урдум деп, залдан каалганы тарс жаап чыгып кеткени, үзүнүп-жулкунуп мушташканы жана башка оолукма жоруктары – ажолукка алпарбаган кедерги кемчиликтер. Анын максаты – аткаруу бийлигин кол бала кылган, ажону ардактуу сөлөкөт туткан башкарма парламенттин башында болуу. Ошон үчүн Башмыйзамды өзүнө ылайыктап түзүп, 20-жылы ардактуу эсалууга кеткенге чейин бийлик башын мыкчып кармап турууну көздөгөн маймылдай куйтулугу билинип эле туру. Кокус анын Башмыйзамына өзгөртүү кирип, референдум болуп калса, бийликтен куржалак калбайын деп, ажолукка аттана турган сүрмө топтун арасына кыпчылайын деген да түрү бар. Аны кимдин ким экенин билип калган эл чечет деңизчи. Анткени канында, тегинде канзаадалык бүдүрү жок Акаев менен Бакиевге окшогон “ат көрбөй минип өлтүргөн” ажолордун айынан “сүткө оозун күйгүзгөндөр айранды үйлөп ичип”, меңдубана жеген койдой мээси тегеренип туру. Элдин ушундай кыжаалат абалын көрүп туруп Текебаев “кыргыздарга Жогорку Кеңеш гана жогорку кеңеш берип, бийликти кармап туралат” деп, Сариев сайрап кеткен “каймактардын” атынан сүйлөп атпайбы. Бул эми эсиргендиктин белгиси. Болбосо бир кезде момпосуйдай момураган жаракелик келгин мугалим минтип калдайган байыркы калктын Бакайы болуп чыга келбейт эле. Депутаттарга эчактан “жепутаттар” деген ылаңка кеп илешип жүргөнүн азыркы 120 “каймак” да эсинен чыгарбаса…

Кыскасы, “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, “ээси келсе, бээсин берип”, ажо – элин башкарып, өкмөт – ишин аткарып, эч бир жоопкерчиликти мойнуна албаган парламент мыйзам чыгарганды гана билсе, ансыз да оңолуп бараткан турмуш жөндөшүп кетер беле…

Бөкөнбай Боркеев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Булак: “Асман+”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *