Болот Байкожоев, коомдук ишмер: “Мыйзам алдында – өлүм алдындагыдай эле тең болушубуз керек”

– Элибиз эгемендикке ээ болгонуна 30 жылга аяк басты. Бирок, экономикабыз эңшерилип эле баратат да. Мунун себебин Сиз эмнеден көрөсүз?

— 1917-жылга чейин кыргыздар 99 пайыз билимсиз болушкан. Советтик система кыргыздарды 100 пайыз билимдүү кылды. Бардык багыттар боюнча кесипкөй адистерди даярдады. Мисалы, Иса Ахунбаев дүйнөдө бешинчи болуп жүрөккө операция жасады. Же Чыңгыз Айтматовду алалы. Айта берсек бүгүнкү күндө мындай адамдар кыргыздарда өтө көп. Ошол советтик система агрардык өлкө болгон Кыргызстанда бардык тармактар боюнча иш алып барды. Чехтер келип кичинекей завод курду. Анын артынан ирилешкен завод-фабрикалар курула баштады.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 29 жылдын ичинде не жасадык? Канча президенттер келип-кетти. Ал эми премьер-министрлерди санап кереги жок. Ошолордун бирөө бүгүнкү күндө айта алабы, мен Кыргызстанга буларды жасадым деп. Миллиарддаган карыздарды толтуруп салышты. Ошонун жарымынан көбү уурдалып-тонолуп жок болуп кетти. А калгандарынан эффект болгон жок.

Мына ушулардын баарын ойлоп отуруп кейибей койбойсуң. Бүгүнкү күндө расмий статистика 700 миң киши Кыргызстандан чет өлкөлөргө чыгып кетти дейт. Менин оюм боюнча, эң бери дегенде кыргызстандык 1,5 миллион, алардын арасында ар кайсы улуттагы эмигрант бар. Эмне үчүн алар сыртка чыгып кетип жатышат? Өлкөнү таштап кетип жаткандар – дээрлик жаш, күчтүү, эмгекке жөндөмдү адамдар. Жумушсуздуктун, кара курсактын айынан бөтөн мамлекетте кемсинтүүгө, шылдыңга чыдап, 2 сорттогу адамдар катары эсептелгенине да кайыл болуп жүрүшөт. Биздин бийликке келгендердин баары кыйратам, жыргатамдан башканы айтпайт. Жаш бала ойноп аткан куурчагынын курсагын тойгузгандай эле имитация болуп атат. Биздин элдин чыдамына баа бериш керек. Ошого карабай 2 жолу бийликти кууп чыгууга аргасыз болду. Бирок ошонун баары эч кимге сабак болбой жатат. Куру сөздөн башка эч нерсе жок. Айтып жүрүшөт, бүгүнкү күндө Кыргызстанда мынча экономика илимдеринин докторлору, академиктер бар, а экономика жок деп. А эмне үчүн?..

Нидерландия деген мамлекетти билесиңер. Жер аянты – 41,5 миң кв. км., дүйнөдө 131-орунда турат. 17 млн калкы бар. Анын 40 пайыздай жери деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан. Өзүн-өзү башкаруучу мамлекеттик билим берүү системасын киргизген өзгөчө статусу бар. Жумушсуздук дээрлик жок. Мына ушул алакандай мамлекет бүгүнкү күндө айыл чарба азыктарын экспорттоо боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлейт. Күнөсканада (парникте) өстүрүлгөн азыктар басымдуулук кылат. Мисалы, мында өндүрүлгөн тюльпан гүлдөрү дүйнөнүн бардык мамлекеттерине таркайт. Кыргызстанга салыштырмалуу (199,9 миң км. кв.) 5 эсе кичине мамлекет кандайча бул даражага өсүп жетти? Себеби эмнеде? Эмне үчүн биз алардай иштеп, жашай албайбыз?..

Же Сингапурду алалы. Мамлекет башына Ли Куан Ю деген келип “жоктон бар кылды”. Аянты – биздин Бишкектей эле болгон, кийин таштандыларды төгүп, деңиз жээгиндеги жерлерди кошумча өздөштүрүп алды. Бүгүнкү күндө Сингапур алтынвалюта запасы боюнча дүйнөдө 3-4-орунду ээлейт. Өз алдынча эгемен мамлекет болгондон кийин 25 жылдын ичинде (1965-1995-жж.) адам башына болгон ВВП деңгээли 400дөн 12,2 миң долларга жеткен. Бул өлкөдөгү экономикалык секирик “сингапурдук экономикалык керемет” деген ылакап ат менен тарыхта калды. Суверендүүлүктүн баштапкы учурунда Сингапур эң кедей, чакан өлкө болуп, жадагалса иче турган таза суу менен курулуш кумдарын да сырткы мамлекеттерден сатып алып турган. Мындай жарды мамлекет үчүн инвестор тартуудан башка амал жок экендигин акылман Ли Куан Ю билген жана аны башкаруунун жолун да тапкан. Анүчүн, биринчиден, инвестордун ишенимине ээ болуш керек. Сингапурга келген ар бир компанияга бирден өкмөттүк чиновникти бекитип берип, ал күнү-түнү ошол компаниянын суроо-талабын канааттандырып, коопсуздугуна жооп берип турган. Инвестордун өмүрүнө жана акчасына мамлекеттик кепилдик болбосо акчалуу бай жарды өлкөгө келеби? Ошон үчүн Ли Куан Ю китебинде «Мы приветствовали каждого инвестора… Мы просто из шкуры вон лезли, чтобы помочь ему начать производство»,- деп жазып жатат да. Айтмакчы, Маргарет Тэтчер анын китептерин ар дайым иш үстөлүмдө турат деп айткан.

Дагы бир мисал. Уругвайдын президенти Хосе Мухика (2010-2015-жж.) бийликке келгенде өзүнүн эмгек маянасынын 80 пайызын кайрымдуулукка берип турган. Өмүрүнүн 14 жылын түрмөдө отуруп чыккан, согуш учурунда октон 6 жаракат алган. Бийликке келгенде “Уругвайды 5 жылдын ичинде өнүккөн 50 мамлекеттин катарына кошом” деген максат коюп, аны аткарды. Аянты Кыргызстандан кичине, 3,5 млн калкы бар. Аны “дүйнөнүн эң кедей президенти” деп аташканда жооп берип жатат, “жок, мен эң бай президентмин, менин байлыгым -эл” – деп. Анын аялы да учурунда түрмөдө отурган, кийин сенатор болгон. Алардын мыйзамы боюнча бир адам бир эле ирет Президенттикке шайланат экен. Мухика бийликтен кеткенден кийин расмий резиденциядан баш тартып, борбордон алыскы өзүнүн фермасында чарбасын иштетип жатат. Эли кадырлайт, сыйлайт, сүйөт… Немецтердин 1973-жылы чыгарылган машинасын минип жүрөт экен. Анысын Сауд Аравиянын принци угуп калып, “мага сат, бир млн доллар берем”-деп келсе сатпай коюптур. Акчалуу принцке “президенттин” машинасы кымбат, Мухикага принцип кымбат. Мына падыша деген кандай болуш керек!

Кытай мамлекетин, элин дүйнөнүн баары билет. Анын азыркы төрагасы Си Цзиньпин 15 жашка чыкканда атасы репрессияга дуушар болот. Өзү тээ жердин түбүнө сүргүнгө айдалып, 6 жыл үңкүрдө жашаган. Атасы өлгөндөн кийин бошонуп чыгып окууга тапшырат. Институтту бүткөндөн кийин өзү суранып Кытайдын эң четки бир райондоруна кызматка кетет. Ошентип, Си Цзиньпин бир чети Кудайдын буйругу менен ысык-суукту көрүп, экинчиден өзү тандап бийликтин эң төмөнкү баскычынан башталган жолду басып өткөн. Коррупция эмне экенин билет. Азыр ал программасында айтып жатат “менин тирүүмдө бир дагы кедей кытай болбойт”-деп…

Булардын баарын мен салыштыруу үчүн айтып жатам. Бул мамлекеттерге теңелүү үчүн бизге эмне жетишпейт? Ким тоскоолдук кылып жатат? Аттарын айтсын! Кайсы жаран же мамлекет кыргыз экономикасын өнүктүрбөй жатат?

– Демек, мамлекет тагдыры анын башында жетектеп турган адамдан көз каранды…

– Дал ушундай. Шайлоодо бардыгы жыргатам, кыйратам, жомок жашоо орнотом деп сайрайт. Мен бир нерсеге таңгалам. А. Акаевден интервью алса: “Мен кыйынмын, мамлекетти өнүктүрдүм, тигини-муну биринчилерден болуп киргиздим деп көп нерсе айтат дагы, акырында, менин бир ошибкам бар, Бакиевди бийликке алып келдим’’- дейт. Бакиевден сураса деле ушуларды айтып мактанып келип, “только бир ошибка кылдым, Атамбаевди апкелдим” дейт. Эми А. Атамбаевди угуп отурсак, “мен Кыргызстанды болуп көрбөгөндөй өнүктүрдүм, бирок бир кемчилигим бар, мойнума алам, Жээнбековду алып келип…”,- деп атпайбы!? Бул анекдотпу же чындыкпы? Айтчы өзүң!

— Башка элге айтсаң анекдот деп күлөт, а бизде турмуш чындыгы! Демек, анекдотко окшош чындык,- деп койсок болот го…

– Султан Ибраимов Министрлер Советинин төрагасы болуп турганда “Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 1980-2010-жылдарга комплекстүү программасын” иштеп чыккан. Бул уникалдуу программа өз кезегинде съезддин программасына кирген. Ал Министрлер Совети, Госплан, бардык министрликтер, илим изилдөө институттары менен биргеликте даярдалган. Эки сөз менен айтканда, Кыргызстанда эмне бар, эмне жок. Кайсы жол менен өнүгөбүз жана кайсы приоритеттүү багытты карманабыз,- деген программа болгон.

— Ал кезде азыркыдай топураган партиялар болбосо да жалгыз компартиянын эсеп-чоту так, терең изилденген программасы болчу эмес беле? Госпландын анализи менен аналитикасын айтпайсызбы!?

– Мисалы, айыл-чарбасындагы кайсы тармакка басым жасаш керек? Ошол учурда беденин уругу, кызылчанын уругу кымбат болуп, жетишчү эмес экен. Мен эсиме түшкөндөрүн гана айтып жатам. Тоо-кен тармагы боюнча Сары-Жаз менен Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводун ишке киргизүү. Энергетика боюнча Күрп-Сай каскадын ишке киргизүү. Экспорт менен импортко илимий-өндүрүштүк анализ жүргүзгөн, мамлекет экспортко эмне чыгарат, импортко эмне алат дегенди так аныктаган. Мындан сырткары демографиялык маселени алдын ала божомолдоп, калктын саны кайсы жылга канчага өсөт, ага карата канча мугалим, врач, шоопур, токарь, инженер даярдаш керектиги белгилүү болуп турган. Ошол эле учурда кадр маселесине өтө терең маани берген. Быйыл канча кадр пенсияга чыгат, анын ордуна кимдер келет деген суроого так, даана даяр жооптор болгон.

– Эгемендиктен кийин деле Кыргызстанды өнүктүрүүнүн пландары кабыл алынып келатат. Сиз айтып жаткан маселелерди иликтеп-тактаган мамлекеттик мекеме-уюмдар азыр деле бар да…

– Эгемен болдук, эч кимди укпайбыз тагдырыбыз колубузда, байлыктарды өзүбүз иштетебиз деген эйфория менен жашаганыбызга 30 жыл болду. Бирок, экономика төмөндөгөндөн төмөндөөдө. Жогорудагы комплекстүү өнүгүүнүн планын мен өз учурунда А. Акаевге айткам. Мына даяр программа турат, андан ары улап кетели. Силер азыр четтен миллиарддаган акчаларды алып атасыңар, анын жарымынан көбүн уурдап кетишет,- деп. Ошондой эле болбодубу!

– Убагында Акаевге айткан экенсиз, укпаптыр. Акчалар уурдалып кеткени да факт. Эми эмне кылабыз? Өчөйгөн экономиканы кантип оңойбуз? Бул боюнча ойлоруңуз барбы? Же “убагында Акаевге айтылган” болчу деп отура беребизби?

– “Чымчык сойсо да касап сойсун” деген макал бар. Бүткүл бийликке өз ишин мыкты билген таза адамдарды алып келишибиз керек. Аларды калктын ой-пикирин эске алуу менен ачык тандоо жүрүшү керек. Экинчиден, биздин өнүкпөй жаткандыгыбыздын себеби – коррупция. Коррупция – экономиканын тормозу, рак шишиги сымал оору. Бирок аны жойсо болот. Анүчүн эрк жана чечкиндүүлүк керек!

– “Коррупцияны жоёбуз” дегенибиз качан! Азыр деле күрөш жүрүп, четинен камап атышат го.

– Бизде күрөш тандалма жүрүп жатат. Бөлүшпөй койгондорду, бербей койгондорду камап жатат, – деп эл айтып жатат. Башка мамлекеттердин тажрыйбасы кандай? Мисалы, Кытай коррупцияны кантип жойду? Сегиз нерсеге чек коюлган. Аны жасоого тыюу салынат. Айталы, экөөбүз кызматкербиз, ресторанда отурабыз. Кимдир бирөөлөр сүрөткө тартып алып жогору жактагыларга жөнөттү. Эртеси чакырып сурайт, кымбат баалуу вискини кайсы акчаңарга сатып алдыңар деп. Кымбат курорт, машина же алтын саат болобу эсебин беришиң керек. Эгер уурулук, арам жол менен табылган мүлк болсо кызматтан алып соттойт.

– Болот ава, Сиздин оюңуз боюнча Кыргызстанды өнүктүрүп, алдыга жылдырчу приоритеттүү тармактар кайсылар? 

– Эң биринчи билим берүүгө көңүл буруш керек. Жогорку окуу жайлар көбөйдү. Анда чет мамлекеттерден келген студенттер окуп, бюджетке акча түшүп жатат. Бирок билим берүүнүн сапаты дүйнөлүк стандартка төп келбейт. Экинчи кезекке энергетика тармагын коёт элем. Себеби, энергетика башка тармактардын баарын камтыйт. Ага бизде табигый мүмкүнчүлүктөр бар. Тоо-кен тармагын кенен изилдешибиз керек. Кайсы байлыктын канча запасы бар экендигин билбейбиз. Болгондорун коррупциялык жол менен максатсыз иштетип жатабыз.

Төртүнчүдөн, айыл чарба секторун көтөрүш керек. Кыргызстан катаал континенталдык климаттагы өлкө. Жайында деле добул уруп, кар жаап кетип атпайбы. Дайыма боло бербейт, бирок мындай учурлар бар. Эгер өнүп чыккан эгинди үшүк алып кетсе, аны кайрадан сээп айдаганыбыз менен бышпай калат. Күздө эртелеп кар жаап салышы мүмкүн. Ошондуктан, мен жогоруда айтып өткөн өлкөлөрдүн мисалы, нидерланддардын күнөскана (теплица) методун колдонушубуз керек. Анда дагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдү көп берүүчү, ысык-суукка чыдамдуу сортторун тандоо ылайыктуу болот.

Эң башкысы коррупцияны токтотуп, инвестициялык климат түзүш керек! Эгер акчалуу инвестордун жеке коопсуздугун камсыздап, укуктук жактан коргоону камсыздай албасак бир да инвестор тобокелчиликке барбайт. Адамдын табияты ошондой. Бир үй-бүлөнү алалы, чогулткан акчасын банкка салып андан пайда көргүсү келет. Банкка бараардан мурда жүз жолу ойлонот, ушул банк кийин банкрот болуп жабылып калбайбы, алдап кетип акчамдан ажырап калбаймбы?-деп. Банкта да кардардын укугу жана милдети болот. Инвестор деле ошондой кепилдикти талап кылат. Ал өзү пайда көрүш үчүн акчасын салат. Бул жерде сот системасын айта кетишибиз керек. Себеби, бул маселелер бири-бири менен тыгыз байланыш. Эгемендик алгандан бери сот реформасын жасайбыз деп келатканыбыз менен түк жылыш жок. Бизде болуп өткөн 2 революция дагы ушул сот системасынын айынан болду. Кыргызстан – мыйзамдан коркпогон уурулардын мекени деп аталып жүрөт. Мына силер, журналисттер соттордогу адилетсиздиктер жөнүндө айтып жатасыңар, жазып жатасыңар, натыйжа чыгып жатабы? Жок! Баягы, “ит үрө берет, кербен жүрө берет”…

Көптөгөн мамлекеттерди салыштырып изилдеп көрдүм, булар кантип өнүгүп кеткен, кандайча жакшы жашоону куруп алышкан,- деп. Акырында мындай жыйынтыкка келдим, кайсы өлкөдө сот системасы көз карандысыз, өз алдынча жана чыгарган чечими үчүн жоопкерчиликтүү болсо, ошол өлкө өнүгүп-өсүп алдыга жылат экен. Сот адилеттигине жатпаган туура эмес чечим чыгарса бошотот, кайра албайт. Сот эч кимди укпай, мыйзамды баарынан жогору коюп иштеш керек. Президент, премьер, прокурор, депутат, ак үй, көк үй ж.б. деген түшүнүктү алар колдонбошу керек. Мыйзам алдында – өлүм алдындагыдай эле тең болушубуз керек. Табияттын теңчилигин моюндап, сүйүп-урматтап, кадырлап-барктоо менен анын теңдешсиз теңчилигин мыйзамдарда да колдонууга милдеттүүбүз. Сот системасы мына ушундай болмоюнча “бейишти” ойлобогонубуз артык…

Маектешкен: Мухтар Аскаров

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *