Болот Бейшеналиевдин Голливудга барышына кимдер бут тоскон?

Маңдайына жазылган тагдыры жана арманы

Болот Бейшеналиев бир сырдуу инсан эле. Өмүрүнүн акыркы жылдарында аны менен болгон мамилем өтө жакын болуп, бир нече күн жолукпай жүрүп мен же ал киши телефон чалып сүйлөшүп калсак:

—Эй, дайының чыкпай каякка жоголуп кеттиң? – деп коңур үнүн бийик чыгарып, кекетимиш болчу. Бир сырдуу дегеним, менин жеке байкоомдо кез-кезде көңүлу жакшы болуп турган учурда чечилип сүйлөп, мурункуларынан эстеп кеп салып берээр эле. Бирок, баары бир ичинде кандайдыр бир бук сакталганын байкачумун. Мына ушул сыры эч кимге белгисиз сыяктуу сезилчү. Өзүнчө болгондо катуу ойго кетип, көз айнегинен көздөрү аянычтуу телмирип, чекелери кат-кат бырышып турар эле. Бир жолу алыскы Баткенде чыгармачылык жолугушууда жүрсөк биз менен мейманканада чогуу туруп калган областтык жетекчи кызматта иштеген эже (өтө ачык, шарт сүйлөгөн неме экен):

—Болот Бейшеналиевич, мен сизди тартылган кинолоруңуз аркылуу жакшы билчү элем, азыр көрсөм такыр башкача экенсиз. Көздөрүңүз өтө капалуудай сезилет же мүнөзүңүз дайыма эле ушундайбы? – деп сурап калды.

Болот байке адатынча бир аз ойлонуп:

—Жок, андай деле эмес карындашым. Мен мына ушул Баткен жергесинде жаш кезимде эки жолу киного тартылдым. Биринчиси, «Уркуя» фильми болду, экинчиси «Тажик фильм» студиясы менен келип, дагы бир кинотасмага тартылып кеттим. Баягы мен жаш кезимдеги көргөн өрүк зарлар мурдагысындай эле бүрдөп, ачылып, гүлдөп өзүнчө эле бир керемет. Бул жерден менин ак буурул тарткан чачтарым да ушул өрүк зарлар сыяктуу бүрдөгөндөй боло түштү. Мына ушуга бир чети суктанам, бирок, ушундай жерде жашаган элдин жашоосу жакырланып жатканын ойлонуп бушайман боло түштүм. Жашоо турмуш деген ар кандай боло берет тура. Маңдайыңа жазылган тагдырдан эч качан оолактап кете албайт экенсиң, акыркы убакта мен
ушуга абдан ишендим, – деп жооп узатып койгон.

Болот байке сөзгө чоркок болчу, көп сүйлөчү эмес, каткырып күлчү да эмес, бирөөлөр жолугуп калып, жан-алы калбай мактап калса, көтөрүлүп кеткенин да эч бир байкаган жокмун. Жакыр жашоосуна такыр камаараган жок, өзү жөнүндө арман кылып айткан бир да сөзүн уккан эмесмин.

Болот байке мен билгенден эң жөнөкөй, чоңго да, кичинеге да бирдей мамиле кылган, бой көтөргөндү билбеген, кичи пейил, шайдоот, оор басырыктуу, өтө сабырдуу болуп бул дүйнөдөн өтүп кетти.

Театрды аргасыз таштаганда…

Болот Бейшеналиев 60-жылдардын аягы 70-жылдардын башында актёр катары кино чөйрөсүнө көп аралаша баштады. Бул иштери театр жетекчилигин жана режиссёрлорун канааттандырбады. Жалпы чогулуштардын биринде театрдагы чыгармачылыгынын токтоп калганын катуу эскертишип, киного биротоло кетип же театрда дайыма туруктуу иштешине талап коюшту. Катуу коюлган талапты түшүнгөндөн кийин театрдан бошонууга аргасыз болду. Киного болгон ынтызардыгы менен театрдан кетип ишсиз жүрүп калды. Көп ойлонду, кыйналды, театрга кайра баруудан уялды. Ушундан улам ыңгайсыз абалда калып, кысылып кетти. Бушайман болуп жүрүп акыры бир чечимге келди. Москвага барып чыгармачылыгын уланта баштаганда, мурунку СССРдин курамындагы бардык киностудиялардын чакырууларына туш болду.

—Көзү жүлжүйгөн азиат улутундагы ролдор мен үчүн даяр болчу, – деп күлүп койчу. Ал жакта иштеп жүрүп, мурунтадан тааныштыгы бар Андрон Кончаловский, Никита Михалков, Андрей Тарковский жана башка белгилүү кино ишмерлери менен достук жана чыгармачылык мамиледе болду.

Голливуддун режиссерлорунун чакырууларына жөнөтпөй койгондо…

Болот Бейшеналиев Кыргызстанда эгемендүүлүк шаңы башталган учурда кайтып келди. Эми искусство тармагында эркиндик жана кененчилик болот, мурдагыдай партиянын катуу кысымына байланбайбыз деп ниет кылган. Советтик катуу режим Болот Бейшеналиевдин чет өлкөлөрдөгү, анын ичинде атактуу Голливуддун режиссёрлорунун чакырууларына жөнөтпөй бөгөт койгон. Ошол убакта бардык эле советтик искусство ишмерлерине капиталисттик лагер менен алака түзүшүнө катуу тыюу салынган экен. Бирок, бул жерге келгенде баардыгы тетирисинче болуп, мурдагыдан да жаман акыбалга туш келди. Өткөн учурда коммунисттик номенклатуранын чегинен чыгалбай кысылса, бул учуру мамлекетте туура эмес идеологиянын доорон сүрүшүнөн, бийликтин алсыздыгынан, чарбасыздыктан, өзүм билем жетекчилердин жана жулунган коррупционерлердин жарышка түшүп мамлекеттин, коомдун социалдык менчигин тоноп, жалпы эл көздөгөн рухий байлыкты эмес, өз кызыкчылыктарын жогору коюп, карапайым көпчүлүк эл мүңкүрөп калган учуруна күбө болуп, каңырыгы түтөп, ичинен билгизбей сыздады. Болот Бейшеналивдин арманы мына ушулар болгон. Канча жыл теледен, радиодон, газеталардан Болот Бейшеналиевдин арманы ушул деп алгачкы сүйүүсүн, өз үйүнүн жоктугун, пенсиясынын аздыгын, мамлекет камкордук көрбөй койду деп, социалдык акыбалын шылтоолоп, эч бир билбей, далилдебей туруп эле жалган маалыматтарды таратып, нукура беделин, аброюн түшүрүп келишти. Өзү да алардын бул жазган, айткандарына ачуусу келип, нааразы да болуп жүрчү.

Болот Бейшеналиев өзү жөнүндө буларды тамашалап айтып калчу эле: «Кичинемден чоң энемдин колунда жакшы таасирленип өстүм. Актёр болоюн деген оюм да эч жок эле. Айыл чарба институтуна тапшырып орусча такыр билбегенимден улам өтпөй калдым. Ошол убакта операда иштеген жердешибиз Кыдырбек Чодроновго капысынан жолугуп, ал киши себепчи болуп опера студиясына кирдим. Студияда Болот Миңжылкиев, Токтоналы Сейталиев, Хусейин Мухтаров, Владимир Муковников жана башкалар окудук, баарыбыз «стоющие ребята» болчубуз.

Алгачкы ийгилиги, алгачкы арзуусу жана коллекция канжарлары

Кинодогу чеберчилиги Ташкенттеги театралдык институтту бүткөндөн кийин маркум Мелис Убукеевдин «Тайгак кечүү» фильминен башталды. Алгачкы ийгиликти Андрон Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» кинотасмасы алып келди. Өмүрүнүн акырына чейин жүздөн ашык фильмге тартылып, Москвада он сегиз жыл жашады. Ал жерде поляк улутундагы Стелла аттуу аял менен Крымда эс алууда жүрүп таанышып, үйлөнгөн жана Москвадагы жашоо турмушу ушул аял менен бирге болгон. Акыры Мекенин сагынып, кайтып келүүнү чечти. Аялы менен бири-бирин түшүнүшүп ажырашты. «Үч бөлмөлүү үйүмдү жана бир сандык канжарымды таштап келе бердим (Канжар демекчи, Болот байке канжар чогултканга өтө дасыккан коллекционер болгон, арасында Бухара эмиринин канжары да бар болчу). Кийин алып кетем дегем, Москвага киного тартылганы барып үйгө кайрылсам, полячка жеңең «азыр бул жерде аябай кымбатчылык башталды, пенсиям эч нерсеге жетпей ушул канжарларды четинен сатып оокат кылып жатам» дегенинен боорум ооруп, аяп албай келе бердим», – деп айтканы эсимде.

Түркмөн кызынан тапкан бактысы

Болот байке 60-жылдарлын аягында «Өзбекфильм» киностудиясында тартылып жаткан «Кызыл кумдар» кино тасмасында комиссар Миркамил Миршараповдун ролунда ойноп жүрүп өзүнө партнёр болуп тартылып жаткан Гүлсара аттуу түркмөн кызына жолугуп, баш кошушуп алгачкы үй-бүлөсүн түптөгөн, бир кыз, бир уулдуу болушкан. Кызы Гүлназ Канадада жашап жүрүп каза болду, уулу Азиз Москвада атасынын жолун улап, азыр белгилүү киноактёр. Ал атасы тууралуу: «Атам актёр болушума аябай каршы болду. Бул иш абдан татаал, мага окшоп тентийсиң дегенге чейин барды. Университетте Кытай филологиясы боюнча окучу элем. Экинчи курстан таштап кетсем абдан кейиди» – деп эскерет. Өткөн кылымдын 90-жылдардын башында Болот Бейшеналиев Бишкекке келип көп өтпөй жаштар театрына ишке орношуп, өмүрүнүн акырына чейин иштеди жана жубайы Турсун эже менен өмүр сүрдү.

Сырлары камтылган ырлары

Дагы бир эскерип кетчү нерсе, Болот байке ыр жазчу. Бул шыгын эч кимге деле айтчу эмес. Өлгөндөн кийин кол жазмаларын пайдаланып жакын санаалаш тааныштары чакан ыр китепчесин чыгарышты. Балким, Болот Бейшеналиев жогорку биз айтып жаткан сыртка чыгарбаган ички сырларын ушул ырларына да салгандыр.

Тилек Мураталиев

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *