Болот Шамшиев: «1998-жылы Болот Шерниязов мени өкмөткө чакырып кетишкенинен пайдаланып, алдамчылык менен Көк бөрү федерациясынын президенттик кызматына өзүн-өзү шайлап алган”

“1992-жылы Аскар Акаев жаңыдан президент болуп иштей баштаган жылдары ага кирип: “Көчмөндөр оюндары боюнча бүткүл дүйнөлүк олимпиада уюштуралы. Бүт дүйнөлүк Олимпиада оюндары – бул Батыш дүйнөсүнүн улуттук оюндары, баскетбол, волейбол, футбол, кёрлинг жана башкалар. Ал эми биздин улуттук оюндарды спорттун түрү катары олимпиада оюндарына кошпой, жакындатпай келатышат. Ошондуктан биз өзүбүздүн бүткүл дүйнөлүк  оюндарыбызды уюштурушубуз керек. “Олимпиада оюндары” деген бул бренд катары таанылган, ошол себептен “Көчмөндөр оюндары” деп аташ керек деп айттым. Акаев каршы болгон жок…”, – деп билдирди дүйнөгө белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев 5-каналдагы маегинде.

1997-жылы мен биринчи жолу көк бөрү боюнча мелдеш өткөрдүм. Көчмөн оюндары көк бөрүсүз кызыктуу болбой калат. Ошондо көк бөрү дегенди мен ойлоп таптым. Эрежелерин мен өзүм жаздым. Өз колум менен жаздым, орусча. Анан менин орун басарым Темир Дүйшөкеев болчу, ал кыргызчага которду. Тайказан дегенди мен ойлоп чыгаргам ошондо. Бирок, аны бир жолу бир жерден көргөн болчумун. Оюнчулар улакты сандыктын ичине ыргытып жатышкан, муну бир кичине кезимде көргөн болчум. Кайсы жерде экенин азыр билбей калдым, Чүйдөбү, Ысык-Көлдөбү, Токтогулдабы же Таластабы, иши кылып көргөм. Балким түшүмдө көргөндүрмүн, иши кылып менин башымда сакталып калыптыр. Баскетболдо топ таштай турган алкак бар, хоккей менен футболдо дарбаза бар, топ киргизе турган, оюндун жыйынтыгын күйөрмандар көрүш керек. Менин кесибим режиссер болгондуктан мен оюндун кызыктуу жагына жооп беришим керек. Эски улак тартыш кандай болчу, 1 чакырым, 5 чакырым алыска алып кетип, өзүнчө ойноп эле жүрүшчү. Анан мас болгону көп болгон совет заманында. Бала кезимде мен Орто-Сайда таэнемдин колунда өскөм. Улак тартышты көп көргөм. Бир белги коюлган жерге таштаса таштап, таштабаса алып кетип калышчу. Ошондуктан эрежелерди ойлоп таптым, эки команда болот, ар биринде мынча киши болот, эки тай казан болот, ким канча жолу улак таштаса ошончо упай эсептелет деп. Анан ошол кездеги улак тартыш боюнча адистерди жыйнадым, Мурат келди, калыстын атын унутуп турам, Арашандан Кайырбек деген келди, Алмалуудан келди, Бакайырдан… баарын чогултуп, өзүмүн машинама олтургузуп, аттарды жүк ташууучу машинага жүктөп алып келгенбиз. Анан стадиондун узундугун 250 метр, туурасын 80 метр кылдык…

1998-жылы Көк бөрү федерациясынын уставын мен өзүм жалгыз жаздым. Федерациянын биринчи учредителдик съездин өзүм уюштуруп өткөрдүм. Съезд өтүп жатканда мен түшкө чейин өзүм алып бардым, түштө мени өкмөткө чакырып калышты. Мен съездди алып барууну Болот Шерниязовго тапшырып коюп өкмөткө кеттим. Кайра келсем Болот Шерниязов Көк бөрү федерациясынын президенти кылып өзүн шайлаптыр. Ал күнү федерациянын президенти мен болушум керек эле… Кийин Болот Шерниязов ушул Көк бөрү оюнунун биринчи бузукусу болуп калды. Бул адам мени алдап кетти. Мени өкмөт чакырып кеткенинен пайдаланып, федерациянын президенттигине өзүн-өзү шайлап алды. Ал күнү мен федерациянын президенти болуп шайланышым керек эле. Ал күнү Болот Шерниязов мага караөзгөйлүк кылды. Мен эч нерсе деген жокмун. Эгер сага президенттик эле керек болсо иштей бер деп койдум. Анан Бириккен Араб Эмираттарына Кыргызстандын консулу кызматына кетип калдым. 22 жыл тим койдум, эмне кылашат экен деп. Жыйынтыгын көрүп жатасыңар, бардак кылышты… Казактар каалаган эреже менен ойной беришсин, бирок казактар бизди өз эрежебизден, тай казандан баш тартууга мажбур кылалбайт…”, – деди Болот Шамшиев.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *