Болотаалы Абыкеев: «Казарманда алтын комбинаттын уу калдыктарынан адамдар өлсө да эч ким жооп бербейт»

Эсиңиздерде болсо, Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын 300-400дөй тургундары февраль айында кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын иштешине каршы болуп митингге чыгышкан. Чогулгандар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян экенин зар какшап айтып жатышты. Канча бир жылдап иштеп келген алтын кенинен алган запкысы тууралуу ден соолугунун айынан борбор калаабызга көчүп келген казармандык Болотаалы АБЫКАЕВ ага айтып отурду.

– Болотаалы ага, Чүй өрөөнүнө көчүп келгениңизге канча болду? Дарыгерлер дароо дартыңызды карап, казармандык экениңизди билген экен да?..

– Ооба, мен дарттын азабын көп тарттым. Ошонун айынан борбор калаага келип дарыланып калдым. Дарыгерге талон менен келгенде эле «сиз Казармандан болосузбу?» деген суроо узатышты. «Сиз кайдан билесиз?» десем, «кант диабети, панкреатит, кан басым, жүрөк ооруларынын көбү казармандыктар. Ал жерден чыккан алтын кени, анын зыяндуулугунун айынан оорулуулардын 78%ы Казармандан келет» деди. Текшерип, мага көзөмөл жүргүзүштү. Үч дарыгерден кароодон өттүм. Баары тең «жер которуу керек» деген тыянакка келишти. Кан басымым 200дөн көтөрүлүп, кайра түшүп турчу. Жүрөгүм ооручу. Жер которуп бул жакка келгени кан басымым дароо 140ка түштү. Пачкалап ичкен дарыларымды ичпей калдым. Эксперттер минтип айтып жүрүшөт: Казармандын асманында капкара булут калкып турат. Жаан жааганда абада калкыган цианид кайра жерге төгүлөт. Бир жылы чет өлкөдөн атайын сапар менен коноктор келишет. Алардын ала келген атайын аппараттары бар экен. Комбинаттын оозуна келгенде эле ичине кирүүдөн баш тартышат. Ден соолуктарынан кооптонуп кирбей кетишет. Мен өз көзүм менен көргөн жокмун, бирок казармандыктардын баары айтып жүрүштү…

1981-жылдары эле жерибиз адам суктанарлык болчу. Too тараптагы Бытпылдык айылында адам боюндай чөп өсүп, чөп чапканга атайын шаардан студентгер келишчү. Кийин барсам эле анда-санда болуп баягы чөптөн эч нерсе жок. Чөбү көйкөлгөн керемет жер эле. Төрт түлүк малдын баары жайылып жүрчү. Азыр андай көз кубанткан байлыкты байкай албайбыз.

– Азыр айыл элинин ден соолугу кандай?

– Оорулуу адамдардын саны аябай эле көбөйдү. Мен карапайым адам болгондон кийин статистика менен так айта албайм. Бирок, Бишкек шаарында ден соолукка байланыштуу аба которуп келгендер абдан көппүз. Денесине жара чыккандар, жүрөк оорулуулар, кан басымы көтөрүлгөндөр, түрдүү оорулар менен төрөлгөн ымыркайлар. Деги койчу, оорунун түрү көп.

– Айылга барьш турасызбы?

– Кичи мекеним, туулган жерим болгондон кийин Казарманга той-топурга, жамандык-жакшылыкка барып турам.
Барганда эле кан басымым көтөрүлүп, абанын, экологиянын таза эместигин дароо сезем. Айылга барганда эле дароо дарыларымды ичип, ансыз жашай албай калам.

– Бак-дарактардын түшүмү кандай?

– Ар бир айыл тургундарынын огородунда бак-дарактар бар. Жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Абдан начар. Менин шаарга көчүп келгениме жети жылга аяк басып калды. Мен келе электе жалбырактардын өңү саргайыңкы тартып, тешилип, жайыттарга болсо тыкырайып чөп чыкпай калган. Азыр андан бетер начарлады. Дамбадан, алтын чайкалып чыккан суудан канча адам жабыр тартты? Канча мал ал сууну ичип өлдү? Менин бир уюм өлгөн. Эч ким жооп берген жок. Мал эмес адамдар өлүп жатса да жооп берген киши жок.

– Деги эле алтын кендеринин иштешине көз карашыңыз кандай?

– Мен запкысын тарткан адам катары, айылдаштарымдын ал-акыбалын көрүп туруп, албетте, каршымын. Кай тарапта алтын кен иштетилбесин, элди жабыр тарттырып, ууландырып, оорукчан муун төрөлүшүнө себепкер болууда.

Булак: Азия Ньюс

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *