Болотбек Искенов, ардагер экономист: “Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө нар көтөргүс кызмат кылган Алиаскар Токтоналиев”

Алиаскар Токтоналиев таланттуу экономисттер менен финансисттердин бүтүндөй бир муунун тарбиялап чыгарып, аларга агасындай, атасындай камкордугун көрсөттү. Ал министр болуп 26 жылга жакын иштеди. Бир гана арман: мына ушул кайталангыс асыл инсанды 56 жашында кызматтан түшүрүп, бир кылымда бир жарала турган инсанды мезгилсиз өксүтүп коюшту. Кыргыздын башынан келе жаткан көрө албастык, ичи тардыгы акыры барып-барып анын да түбүнө жетти.

Легендарлуу министр Алиаскар Токтоналиевдин 90 жылдыгында көп нерселер эске түшөт. Атамдын иниси, финансы кадрлардын даярдоо бөлүмүнүн башчысы Нарын, Ысык-Көл областында финансы башкармалыгында 23 жыл иштеген ыраматылык агам Асанов Жусуптун өтүнүчү менен мени Финансы министрлигине кызматка алган А. Токтоналиев болгон.

1974-жылдын октябрь айынын башы эле. Мен колхоздун, совхоздун башкы экономистинен кийин ден соолугума байланыштуу, ал убактагы Кыргыз ССРинин финансы министрлигинин айыл чарбасын каржылоо башкармасында башкы экономист болуп иштеп калдым. Биринчи жолу өздүк деломду толтуруп, кадрлар бөлүмүнүн башчысына кирдим. Ал киши башкармалыкта орун жогун айтып, Финансы министрине телефон чалды. Министр «айыл чарбасын каржылоо башкармасына башкы экономист кылып алгын» деп көрсөтмө берди. Анан министрге кирдик. Министр: «Эми, Болотбек, Кыргызстандын 50 жылдыгы майрамын өткөрүп алалы, биротоло бир айдан кийин кел» – деп мени узатты.

Ошентип, 1974-жылдын ноябрында мени кызматка алды. Ошондо да, министрге каяша кылгансып, негедир начальник алгысы келбей,«башка башкармалыкка деле барбайсыңбы» деп араңдан зорго арызга кол койду. Себебин кийин түшүндүм. Мен иштеген башкармалыкта оңбогон орус жигит бар болчу. Ал «Ж. Асанов менен министр жакшы, иниси башкармалыктагы сөздөрдү агасы Ж. Асановго айтат, ал министрге жеткизет» деген арам ою бар турбайбы. Бирок менде андай: ушак айткан, куйтулук жок эле.

Тиги неме министрдин биринчи орун басары И. Корнеевге таянып, артыман түшүп, мени жамандап туруп алды. Экөөбүз тирешкенге чейин бардык. Катуу ооруп калдым. Экөөбүздүн тирешибиз министрге жетип, А. Токтоналиев абалды туура түшүндү да, «Экөөң тирешип калыпсыңар, иштеше албайсыңар. Министрликтин каалаган башкармалыгына, бөлүмүнө баргын, кааласаң республиканын камсыздандыруу башкы башкармасына бөлүм башчысы болгун» деп шаардык финансы бөлүмүнүн башчысына телефон чалды. Ал «штаттык бирдик жок» деди окшойт, «аны мен ачам» деди. Анан мага карап: “же өзүң көнгөн айыл чарба министрлигине баргын” деп министр Сабирдин Турсуновго телефон чалды. Министр “кечинде саат 8:00 келсин” дептир. Мен финансы министриндей көрүп эртең деле барармын деп кетип калдым. Министр эртеси командировкага кетип калыптыр. Ал ортодо 15 күндөй убакыт өтүп, С. Турсуновго жолуктум. Кайра министр А. Токтоналиевге кирдим. Ал «иштин жообун айтып койгун» деген. «Мен Айыл чарба министрлигине кете турган болдум» деп арызымды сунсам, ал «С. Турсуновдон билдирме кат жаздырып кел, которуу жолу менен кет» -деди. Тиешелүү кагаздардын баарын бышырып, апкелсем, арызымды окуп алып баягы оңбогон орус начальнигим кызарып-татарып, министрдин биринчи орун басары И. Корнеевге чуркап жөнөдү. И. Корнеев менин көзүмчө: «15 күндүк 70-80 сом акчасын бербегиле» деп бухгалтерияга звонить этти. Мына көрдүңүзбү, министр мени атамдан артык колдоп жатса, министрдин орун басарының кылыгын, муну шовинисттик тумоо дебей эмне дейбиз.

Мен Айыл чарба министрлигине кетип жатканымда да, министр А. Токтоналиев мени кыйбай: «Айыл чарба министрлиги жакпаса кайра келгин, сени бир районго финансы бөлүмүнө башчысы кылам, же борбордук аппаратка алам. Министр С. Турсунов деле өз жолдошум, көз салып койгун деп айтам» – дегени жүрөгүмү жылытып, ушу бүгүн да кулагымда жаңырып турат. Көрсө, жакшы адамдын жарыгы анын айлана-тегерегиндеги адамдарга бирдей тиет тура. Али да эсимде, ал бир гана мага эмес, жүздөгөн жаш улуттук кадрларга бир тууган агасындай, атасындай камкордук кылган, жакшылык жасаган. Улуттук кадрлардын бүтүндөй бир муунун өстүрүп чыгарган дегенимдин төркүнү ушул жакта жатат. Башкаларды билбейм, ал мага атамдан артык жакшылык жасады. Мындай айкөл, асыл адамды көрө элекмин.

Айтпадымбы, мен эмес, министрликтин аппаратындагы кыргыздын кыздар-балдарына деле ушу мендей мамиле жасачу. Кызматкерлердин балдары окууга кирээр учурунда элге билим берүү министрин тейлеген башкармалыкка тизмесин берип коер эле. Кызматкерлердин үй маселесин да тез чечип берчү.

Дагы бир жакшылыгы, агам Асанов Жусуп мен университетти бүтп Жумгалдын “Кыргызстандын 40 жылдыгы” колхозунда башкы экномист болуп иштеп турганда А. Токтоналиевге: «Эмгекчил, тырышчаак иним колхоздо башкы экономист болуп иштейт, илимге барсын» десе, «Андай ою болсо, УАнын экономика институтунун директору Айдаркан Молдокуловко айтайын, Москва, Ленинградга максаттуу аспирантурага жиберели, кандидаттык минимумун тапшырууга жардам берип аспирантурага жиберели» деген оюн айткан экен.

Мен анда илимге кетсем, кыргызда чарбалык эсепти (хозрасчетту) изилдеген чоң окумуштуу болмок экенмин. 100гө жакын колхоз, совхозду текшердим, мендей жасаган, ырааттуу жолго коюлган чарбалык эсептеги колхоздон, совхоздон көрө алган жокмун. Мен тартынчаактын азабынан «башкарма Н. Сапаралиевге кантип айтам» деп чоң ката кетирип, аспирантурага барбай калдым Сберкассада чогулган жетиштүү акчам бар эле, өзүм бойдок элем. Кийин башкармага айтсам,«сени колхоздун жумушунан бошотуп, сага шарт түзүп бермек экенмин» деп катуу өкүндү.

А. Токтоналиев министр болгонго чейин, жергиликтүү кадрлар 27% гана экен. Кийинки жылдары бул көрсөткүч 52 пайызга жеткен. Ошондо Алиаскар Токтоналиев агам Ж. Асановду тамашалап: «Эй, Жусуп, сен экөөбүздү эми улутчул деп күнөөлөшпөйбү?» – деп айтканын агам Жусуп Асанов көп эскерчү.

Кыргыз ССРинин Министрлер советинин председатели А. Дүйшеев өз эскерүүсүндө А. Токтоналиев Москвага барарда СССРдин финансы министри Гарбузовдон баштап орун басарларына чейин күн мурунтан телефон менен алдын-ала кезек алып коюп, кезек күтпөй маселени жакшы оң жагына чечип келгенин жылуу эскерип: «мен өзүмдү Алиаскар Токтоналиевичти ээрчип барган кишидей сездим» деп жазганы бар.

Ал министрлер менен карапайым айылдан келген кишиге бирдей мамиле жасап, бир деңгээлде кабыл алчу. Карапайым кишинин «кайдан келгенин, эмне жумуш менен келгенин, канча баласы бар экенин» сурап, өтүнүчүн жүз пайызга аткарууга аракет кылчу. Дагы бир касиети министрликтин коллегиясында кызматкерлерди урушпай, кээде какшыктап, сылык юмор сөз менен сүйлөп күлүп калаар эле.

Өткөн жылы жайында Таш-Дөбөдөгү Курортология институтунда Ысык-Атанын мурдагы Эпкин, азыркы Алиаскар Токтоналиев айылынан бир киши менен чогуу жатып калдым. Ал А. Токтоналиевдин алысыраак инилери болот экен аны көргөнү Алиаскар аганын иниси келип, баарыбыз аганы сөз кылып, юморлорун, тамашаларын эстеп бир жыргап күлкүдөн күлкү чыгып жыргадык.

45 жылдан бери шаарда турам, көптү көрдүм. Кыргызстандын чар тарабында болдум. Көптөгөн эл менен, интеллигенттер менен курортто болдум. Алиаскар Токтоналиевичтей ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсү төп келишкен астына чыккан кишини көргөн жокмун. Алиаскар Токтоналиев Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө нар көтөргүс кызмат кылган, кыргыздын улуттук кадрын даярдоодо зор салым кошкон, адамгерчилик касиети зор адам эле.

А. Токтоналиевдей адам кылымда бир жаралат. Үй-бүлөсүнө узун өмүр, чың ден соолук каалап, балдарына, неберелерине жакшылык каалаймын.

Болотбек Искенов, ардагер экономист, Алыкул изилдөөчү

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *