Борбор Азиядагы үрөй учурган мыкаачылык кылмыштар

Борбордук Азиянын акыркы жылдардагы тарыхына көз чаптырсак, мыкаачылык менен атайылап адам өлтүргөн маньяктардын үрөй учурган бир катар окуялары бар.

Бормандын бандасы (Казакстан)

Борман бандасы аталган кылмыштуу топ 1998-2000-жылдары Казакстанда пайда болгон. Топтун курамында жалпы 15 адам болсо, алардын 8и эркек, 7си аял. Бул банданын жасаган кылмыштарынын тизмегинде жалпы 33 адам өлтүрүү фактысы бар. Алардын курмандыктарынын көпчүлүгү аялдар, кыздар жана өспүрүм балдар болгон. Бул уюшкан кылмыштуу топтун лакап аты 7 жолу соттолгон өздөрүнүн башчысынын атынан коюлган.

Кылмышкерлер көбүнчө “түнкү көпөлөктөрдү” алдап, шаар четине алып чыгып, зордукташып, уруп, кыйноого алышып, андан кийин өлтүрүшкөн.

Банданын кылмыштарын иликтөөнү Казакстан Ички иштер министрлиги өз колуна алып, бул иш боюнча ондогон атайын операцияларды жүргүзгөн.

Жыйынтыгында уюшкан кылмышкерлердин тобун жабырлануучунун жардамы менен кармашкан. Жабырлануучуну кылмышкерлер муунтушканда, ал өлүмүш болуп, айла-амал менен аман калат. Андан кийин милиция кызматкерлерине кылмыштуу топтун жетекчисинин кебетесин сүрөттөп берип, аны кармоого жардамдашкан. Алгач башчысы кармалып, анан  банданын башка мүчөлөрү бүт колго түшүрүлгөн.

Сот отурумунда кылмышкерлер өздөрүн “шаарды сойкулардан тазалап жатабыз, “биз коомдун санитарларыбыз”” деп аташкан.

Соттук-медициналык тергөөнүн жүрүшүндө психиатрлар кылмышкерлердин өздөрүнүн кылган кылмыштарына жооп бере алышарын, алардын акыл-эси ордунда экенин тастыкташкан. Бирок, алардын баары наркомандар, сексуалдык маньяктар экени белгилүү болгон. Ошону менен катар топтогу бардык эркек кылмышкерлер  бир нече жолу ар кандай кылмыштары үчүн соттолуп, камалып чыккандар экени аныкталган. Сот отуруму жабык өтүп, жыйынтыгында банданын бардык мүчөлөрү мыкаачылык менен адам өлтүрүү  боюнча соттолгондугу расмий кабарланган.

Кандуу дарыгер (Казакстан)

2000-жылдардын ортолорунда Чыгыш Казакстан тарапта аялдар менен өспүрүм кыздар жоголо баштаган. Алардын кээ бирлеринин сөөктөрү талаалардан табылса, кээ бирлериники бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.

Ошол жоголууларга байланыштуу кыз-келиндердин артынан түшкөн маньяк бар экени айтыла баштаган. Аялдар кооптонушуп, ал эми кичинекей кыздарды түн ичинде сыртка чыгарбай калышкан. Мындай көрүнүш милиция кызматкерлери кылмышкердин изине түшүп, акыры колго түшүргөн 2009-жылга чейин уланган.

Ал коркунучтуу кылмышкер мурда зордуктоо беренеси боюнча соттолгон Караганда облусунун тургуну Сергей Яровой болуп чыккан. Медициналык билими бар болгону үчүн, ага “Кандуу дарыгер” деген лакап ат беришкен.

Алгач дарексиз жоголду деп эсептелген адамдардын сөөктөрү каякта көмүлгөнүн кылмышкер өзү көрсөтүп жатып, капыстан ал өзүн оорулуу адамдай көрсөтө баштаган. Бирок жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасында кылмышкер өз кыймыл-аракетине толук түрдө жооп бере алары аныкталган.

Жыйынтыгында, 2011-жылдын март айында сот Сергей Ярововду 6 адам өлтүрүү кылмышка күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Бишкектик некрофил (Кыргызстан)

28 жылдан бери изделген фрунзелик (азыркы бишкектик) некрофил Михаил Лукьяновду милиция кызматкерлери 1995-жылы араң колго түшүрүшкөн. Кармалган учурда ал 46 жашта болгон. Кылмышкер бир гана Кыргызстандын борбор шаары менен чектелбестен, Казакстан жана Россия өлкөлөрүнө да “саякаттап”,  маркумдарды кордогон кылмышкерлик менен алектенген.

Кылмышкердин балалык тагдыры оор болгон экен. Көрсө аны 10 жашында атасы таштап кеткендиктен, өгөй атасынан таяк жеп, кордук көрүп өскөн. Күндөрдүн биринде өгөй атасы мас болуп уктап жатканда кичинекей Миша аны таштан жасалган плита менен башка чаап өлтүргөн. Ошол кылмышы үчүн 10 жылга жашы электер колониясына кесилип, бирок, амнистияга туш болгондуктан, түрмөдө 8 жыл гана отуруп чыккан экен.

Жылаңач жин (Кыргызстан)

1963-1964-жылдары Фрунзеде 3 адамды өлтүргөн, 13 адамды өлтүрүүгө шектелген жана 10 зордуктоо фактылары боюнча маньяк кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү автобазадагы айдоочу, 28 жаштагы Виктор Селихов экени аныкталган. Аны атайын күбө катары чакырышып, колго түшүрүшкөн.

Сот 1964-жылы Селиховду атууга өкүм чыгарган. Бир жылдан кийин өкүм аткарылган.

Селиховдун кылмышы жөнүндө “Следствие вели с Леонидом Каневским” деген даректүү фильм тартылган.

Кан соргуч (Өзбекстан)

20 кылымдын 90-жылдарында Өзбекстанда 1972-жылы төрөлгөн Ахамт Азимов аттуу кылмышкер чыккан. Ал жаш балдардын каны менен такмактанган. Биринчи жолу кандын даамын аскерде кызмат өтөп жүргөн кезинде чыккан мушташтан таткан. Андан кийин ал кара жумушчу катары бир үй-бүлөгө жумушка орношуп, өзүнүн ишин аткарып бүткөндөн кийин үй-бүлөнүн 4 жашар баласын уурдап кеткен. Азимов өзүнүн жабырлануучуларын дароо эле өлтүргөн эмес. Ал алардын канын соруп, көпкө чейин кыйнаган. Мындай жол менен кылмышкер 4 жашар баланын канын күнүгө соруп, аягында аны тирүүлөй шаркыратмага ыргытып жиберген.

1994-жылы ал атууга кеткен.

Булак: kaktakto.com

Кыргызчалаган: Kyrgyztoday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *