Борбор Азиянын улуу айымдары

Борбор Азия чыгаан улуу айымдарга бай. Алардын ар бири тарыхта очпөс изин калтырган. Кийинки муундар болсо аларга дагы кылымдар бою ыраазычылыгын айтып, унутка калтырбайт.

Томирис

Сак элинин массагет уруусунун ханышасы. Кээ бир окумуштуулар казак элин анын урпактары деп эсептешсе, кээ бирлери түркмөндөрдү анын урпактары дешет. Ал тарыхта перстердин ханы Улуу Кир II жеңип, элин аман алып калгандыгы менен белгилүү.

Бопай

Абулхаирдин жубайы Бопай ханша терең, такыр аялдыкындай эмес акылы менен өзгөчөлөнгөн. Ал күчтүү мүнөзү, көз карандысыздыгы, жана тубаса саясий көрө билгендиги менен белгилүү болгон. Ар кандай жылдары Бопай-ханым казак кол башчыларынын сый-урматына ээ болгон, кээ бир учурларда казактардын Кичүү жана Орто жүздөрүн башкарууда өтө чоң таасирге ээ болгон.

Надира

Өзбек акыны, кокон (өзбек) адабиятынын классиги, Андижандын башкаруучусунун кызы жана Кокондун башкаруучусу, акындардын жана окумуштуулардын колдоочусу Умар-хандын жубайы болгон. Увайси жана Махзуна менен катар өзбек акындыгынын өкүлү болуп эсептелет.

Курманжан Датка

Ханыша аталган Чыгыштагы биринчи айымдарынын бири. Ал башкарып турган учурда тарыхта кыргыз эли болобу же болбойбу деген оор тандоо турган. Ошол катаал мезгилде ханыша уулун курмандыкка чалып, улутун геноцидден сактап калган. Бул кыргыздардын тарыхындагы эң драмалык  жана трагедиялык факт. Ал тарыхта көрүнүктүү из калтыра алган, жарым кылым элин бакубатта башкарып, саясатта өзүнүн жөндөмүн көрсөтүп, андан сырткары Зыйнат каймана аты менен керемет ырларды жазган.

 

Назипа Кулжанова

Мугалим-агартуучу, этнограф, биринчи казак-журналист айым. 1923-1927-жылдары басылып чыккан “Мектепке чейинки билим берүү” жана “Эне менен бала” китептеринин автору. Аталган китептер азыркы күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет.

Сайра Киизбаева

Кыргыз ССР жана СССРдин Эл артисти, чыгаан опера ырчысы, коомдук ишмер, мугалим, профессор. Ал кыргыз операсындагы партиялардын репертуарларынын ырларынын эң мыкты аткаруучусу. “Алтын кыз” музыкалык драмасындагы Ажарды жана Чынарды, “Айчүрөк” операсындагы Айчүрөктү, “Евгений Онегиндеги” Татьянаны, Чио-Чио-санды, “Манас” операсында Каныкейди аткарган. Ал сахнада ырдаган кез кыргыз операсындагы “Алтын доор” деп аталган.

Софья Хакимова

Советтик окумуштуу-медик.Тажик айымдарынын арасынан биринчи болуп 33 жашында медицина илимдеринин доктору даражасын алган, СССР Медицина илимдер академиясынын корреспонденти, Россия Медицина илимдер акадкмиясынын корреспонденти, Тажик ССРнин илимдеринин эмгек сиңирген ишкери. Акушерия жана гинекология тармагында эң чоң адис катары дүйнөгө таанылган. СССРде биринчилерден болуп адамдын генетикасы боюнча лаборатория ачкан.

Токтогон Алтыбасарова

Улуу Ата Мекендик Согуш жылдарында 16 жаштагы Токтогон блокададагы Ленинграддан келген 150 балага эне болгон.

Согуш башталганда, Токтогон жашаган айылдагы эркек кишилердин бардыгы фронтко кетишкен. 1941-жылы 16 жаштагы кыз айылдык кеңештин төрайымы болуп дайындалган. Бир жылдан кийин блокадалуу Ленинграддан 150 бала келген. Алардын бири дагы каза болгон эмес, бардыгы Жеңишти көрүшкөн.

Балжан Бультрикова

Казакстандын туңгуч айым – Тышкы иштер министри. Казакстандын тарыхындагы эң биринчи БУУнун трибунасынан сүйлөгөн дипломат-айымы.

Какиш Рыскулова

Борбор Азиядагы алгачкы хирург – айым жана академик. Көптөгөн илимий иштердин жана китептердин автору. Какиш Рыскулова нерв жана кан-тамырларды изилдөөдө, тигүү салуунун жаңы методдорун изилдөөдө масштабдуу иштерди жүргүзгөн. Анын эмгектерин учурдагы медиктер мууну активдүү колдонушат.

Хадича Сулайманова

Юридикалык илимдеринин доктору, Өзбек ССРнин юстиция министри,Өзбек ССРнин Жогорку Сотунун төрайымы. Өзбек тилиндеги кылмыш-жаза укугу боюнча биринчи китептин автору.

Дильбар Абдурахманова

Бир гана Өзбекстандагы эмес, бүткүл Борбор Азиядагы биринчи дирижёр-айым. Дильбар Абдурахманованын репертуарында 60 ашуун опералык жана балеттик спекталдар бар. Ал дүйнөнүн көптөгөн сахналарына чыгып, жарым кылымдан ашуун Навои атындагы театрда эмгектенген.

Малика Сабирова

ХХ кылымдын улуу балериналарынын бири. 1961-1982 жылдары Айни атындагы опера жана балет театрынын прима – балеринасы, Галина Уланованын шакирти. 1969-жылы Москвада өткөн балет артисттеринин эл аралык сынагынан кийин дүйнөлүк деңгээлдеги балерина катары таанылган. Ал Тажикстандын балет искусствосун дүйнө жүзүнө тааныткан, анын урматына президенттер, королдор, премьер-министрлер, биринчи секретарлар, лорддор, княздар, мэрлер жана губернаторлор кабыл алууларды уюштуруп турушкан.

Асел Сартбаева

Борбор Азиядан чыккан дүйнөлүк деңгээлде таанылган окумуштуу-айымдардын бири. Ал вакциналардын сыртын кремний менен каптап, аларды муздаткычка салбай колдонууга мүмкүн кылуу жолун тапкан.  Бул бүткүл адамзатына пайдалуу ачылыш, анткени азыркы күндө көптөгөн вакциналар муздаткычтан сырткары турганда бат бузулуп, жада калса токсикалуу болуп кетүүдө. Анын бул новатордук иши дүйнө жүзү боюнча адамдарды сактоого жана вакциналарды жеткиликтүү кылууга жардам берет.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *