Борис Годунов же жан-жөкөрдөн падышага айлануу

Годуновдордун тукуму татар князынан башталган.

Орус ак сөөктөрүнүн арасында өз тукумун ар кандай чет элдиктерден санжыралоо модалуу болчу. Алар адегенде Москва князына, андан соң орус государына кызматка өтүшкөн. Годуновдор – дал ошол жол менен келишкен. XVII кылымдагы летописте бул уруктун түпкү теги татар князы Чет экендиги көрсөтүлгөн. Ал Москва князы Иван Калитага кызматка келген.

Борис Годуновдун атасынын лакап аты Кыйшык – Кривой болчу.

Борис Годуновдун атасы – вазьмалык орто бай помещик Федор Иванович Годунов болчу, анын лакап аты Кривой эле. Ал тууралуу анча деле көп маалымат жок. Белгилүүсү – Федор Годунов жана анын агасы Дмитрий экөө государга салык төлөнүп турган Вязьма алдындагы жерлерден башка дагы анча чоң эмес жерге Костромада да ээлик кылышкан. Борис Годуновдун атасы уулу 17 жашында көз жумган. Андан ары Бористи агасы Дмитрий көзөмөлгө алган. Аны опричнина (падышалык аскерлер) корпусуна берген.

Годуновдун карьерасы опричнинага жана үйлөнүүгө байланышкан.

Иван Грозныйдын москвалык эң таанымал кландар менен каршылашып, мунун акыры анын аксөөктөргө каршы репрессия менен аякташы, жогорудагы алардын ордуна алардан төмөн турган дворяндар өкүлдөрү көтөрүлгөн. Алар буга чейин «худородныйлар» (тексиздер) деп жек көрүндү аталып келишкен. Ошондой «ити чөп жегендердин» арасында Борис Годунов да бар болчу.

1571-жылы Борис царь Иван Грозныйдын Марфа Собакина менен болгон үйлөнүү үлпөтүндө күйөө жолдош болот. Ошол эле жылы Годунов Мария Григорьевна Скуратова-Бельскаяга үйлөнөт, ал Малюта Скуратовдун – Иван Грозныйдын эң жакын жардамчысынын кызы болчу. Бул нике Годуновдун абалын кыйла эле бекемдейт. Ал эми 1575-жылы Бористин карындашы Ирина Годунова царевич Федор Иоанновичке күйөөгө чыккан соң, Иван Грозный бул жаңы тууганын боярин кылган.

Болочок царь абдан кылдат болуп, кандуу жазаларга катышкан эмес.

Иван Грозныйдын доорунда жогорку бийликтеги абал пайда гана бербестен, келечектен көп жагынан кооптондура турган. Падышанын каары абдан катуу болчу. Аз жерден тайсаң эле, же кимдир бирөө жамандап койсо бул катуу жазага кириптер кылмак. Арийне, Борис Годунов андай тагдырдан тыш болот. Ал адамдарга дайыма абдан кылдат мамиле кылып, көлөкөдө калганды жактырчу. Ошондуктан, Годуновдун кандуу жазалоолорго катышкандыгы тууралуу эч кандай маалымат жок. Иван Грозный өлгөндө Борис Годунов Россиядага эң эле таасирдүү кишилердин бирине айланып калган кез эле.

Падыша болгондон мурда эле Россияны башкарып турган.

Борис Годунов 1598-жылы падыша болгон. А бирок, ал иш жүзүндө Россияны 1587-жылдан баштап башкара баштаган. Такка царь Федор Иоаннович олтурган соң, Годунов алгач анын айланасындагы регенттик советтин төрт мүчөсүнүн бири болгон. Монархтын ден соолугу абдан начар болчу. Кийин тез эле регенттик советтин калган мүчөлөрү сүрүлүп чыгылып, бардык бийлик Годуновдун колуна өтөт. Ошентип, ал де-факто өкмөт башчысы болуп калат.

Дмитрийди өлтүрүүгө катышкандыгынын далили жок.

Борис Годуновго каршы айтылган эң башкы айыптоо – 1951-жылы Угличте Иван Грозныйдын кичүү уулу- Царевич Дмитрийдин өлтүрүлүшү. Мындай жол менен Годунов өзүнө тактыга олтуруу үчүн жол тазалаган деп айтылып келет. Бирок, Бористин царевичтин өлүмүнө тиешеси бардыгы тууралуу эч кандай далил жок. Дагы бир кыйыр жүйөө – чиркөө эрежелери боюнча Иван Грозныйдын кичүү уулу мыйзамсыз төрөлгөн. Себеби, ал алтынчы, же жетинчи аялдан төрөлгөндүктөн, Царевич Дмитрийдин тактыны ээлөөгө эч укугу жок болчу.

Годунов—демократиялык жол менен шайланган эң алгачкы падыша.

Борис Годунов орус мамлекет башчыларынын ичинен демократиялык жол менен шайланган аз сандагы топтогулардын катарына кирет. 1598-жылдын февралында – царь Федор Иоаннович дүйнөдөн кайткан соң, Рюриковичтердин династиясынын аягы тыйылган соң, Земский Собор жашыруун добуш берүү жолу менен жаңы монархты шайлашкан.

Баарынан кызыгы, адегенде бийликти өлгөн падышанын жесир калган аялына – Годуновдун карындашы Иринага бермекчи болушат. Ал такыр баш тартып туруп алган соң гана, калган башка кандидатуралар карала баштайт. Борис Годунов өз конкуренттерине ата-тегинин тектүүлүгү жактан утулганы менен, ал өзүнүн өлкөнү көп жылдык башкаруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы бар экендиги менен утуп чыгат. Ушул фактор акыр-аягында чечүүчү ролду ойнойт. 1598-жылдын сентябрында Борис Годунов падышалык такка отургузулат.

Орусчадан которгон: Муратбек Кыдырмышев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *