Бою 2 метр келген 11 жаштагы бала

11 жаштагы Рен Кей аттуу кытайлык баланын бою эмитен эле 2 м 6 см. Сяоюй деген лакап аты бар бу бала азыр 6-класстын окуучусу, Сычуань провинциясына таандык Лэшень шаарында жашайт. Кытай ММК боюнча, бою теректей узарып кеткен Рендин саламаттыгын текшеришкен дарыгерлер андан эч бир оорунун белгисин таба алышкан эмес. Үй-бүлөсү жактан деле бойлору анча узун эмес. Эки жылдан кийин Рен “дүйнөдөгү эң узун бойлуу бала” деген наамга ат салышса болот. Ал үчүн дагы бир аз өсүүсү керек.

Учурда баланы классташтары “Кичинекей Яо Мин” деп тамашалап чакырышат. Яо Мин Кытайдагы эң атактуу баскетболист. Анын бою 2 м 29 см. Жыл санап эмес, күн санап өсүп жаткан баласынын ден соолугунан кооптонгон ата-эне Сяоюйду көрсөтөбүз деп канчалаган врачтын эшигин жыртышып, анализдин түрүн тапшырышпады. Антсе да дабагерлер балада эч кандай гормоналдык өзгөрүү болбогонун аныкташкан. Мында бала бир гана май тамандуу экени билинген.

Ал эми 2018-жылдын март айына чейинки рекордсмен деп Англиянын 15 жаштагы тургуну Брэндон Маршалл эсептелет. Анын бою 2 м 20 см.

Булак: “Сырдуу дүйнө”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *