Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » “Братва” бийликке келатат. Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болот
Саясат

“Братва” бийликке келатат. Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болот

Бүгүн Кыргызстанды башкарууга жалаң мурун соттолгондор, турмуштун ачуу-таттуусун көргөндөр, түрмөнүн суусун ичкендер, “братва” менен тааныштар, “общакка” салык төлөгөндөр келе баштады.

Бишкек шаарынын мэри кызматына Нариман Түлеев келе турганы белгилүү болду. Ал киши Атамбаев заманында УКМКнын СИЗОсунда кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чоогу олтуруп, ошол кезде курулуп жаткан “Чынар” ГУМунун бир бөлүгүн берип, бизнес-өнөктөш болуп чыгышкан.

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Канат Исаев да абактын ачуу суусун ичип, “братва” менен табакташ болуп чыкканы, азыр да жабыла элек бир кылмыш иши бар экени белгилүү.

КР Премьер-министри жана Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров душмандарынын буйрутмасы менен түрмөдө мууздалып кала жаздаган.

КР Өкмөтүнүн жаңы вице-премьер-министри Равшан Сабиров да коррупция беренеси боюнча айыпталып, камалып түрмөнүн “баландасын” татып, “братва” менен коюн-колтук алышып чыккан. Алтургай бир учурунда Садыр Жапаров менен бир камерада жатып, “хлебаш” болуп калышкан. Нариман Түлеев менен Равшан Сабиров кримтөбөл Камчы Көлбаевдин камерасын “евроремонт” жасашып, N47-абактагыларга спорттук аянтча куруп беришкен.

КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ал кездеги Атамбаевден бийлик талаша коём деп ак жеринен көрбөгөн кордукту көрдү.

КР Бажы кызматынын жаңы дайындалган төрайымы Элнура Мамбетжунушева да коррупция беренеси боюнча айыпталып, абакка жатып чыккан.

КР Генпрокурору кызматына тапталып жаткан депутат Талант Мамытов да Атамбаев заманында түрмөнүн тузун татып, азабын тартты.

Тизме уланат…

Булак: KyrgyzToday.kg

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт