Британ музейи Шахи-Зинда комплексинен уурдалган плиталарды Өзбекстанга өткөрүп берет

Британ музейи Самарканддагы Шахи-Зинда мемориалдык комплексинен уурдалган глазурдалган алты плитаны Өзбекстанга өткөрүп берет. Бул тууралуу The Guardian басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, глазурдалган плиталар быйыл январда Лондондогу Хитроу аэропортунда контрабанда катары конфискацияланган. Адистер менен кеңешкенден кийин алар XIII кылымдын аягына жана XIV кылымдын башына таандык экени, Самарканддагы Шахи Зинда комплексине тиешелүү экени аныкталган.

Өзбекстандын Маданият министрлиги плиталарды декабрда алып кетүү боюнча макулдашты. Мекеме мындай жардамы үчүн Британ музейине ыраазычылык билдирди.

Акыркы он жылдыкта Британ музейи Иракка, Ооганстанга, Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө 2 500дөн ашык экспонатты кайтарууга жардам берди. 2017-жылы музей Бухарадагы Чашмаи-Аюб мавзолейинен уурдалган жука бышкан кыштарды таап, ордуна коюуга жардам берген. Бул окуядан кийин Өзбекстандын бийлиги тергөө жүргүзүп, кылмышка тиешеси бар адамдар жазаланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *