Британия Иран менен танкерлерди алмашпайт

Улуу Британия Иран менен мунай танкерлерин алмашпай турганын билдирди.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Доминик Рааб “Иран Перс булуңунда кармалган британиялык кемени бошотсо, Британия да ирандык мунай ташыган кемени коё берет” деген ойлорду четке какты. Ал “BBC”, “Sky News” телеканалдары менен маегинде Иранды эл аралык эрежелерди сактоого үндөдү.

Эки жума мурда британ бийлиги Гибралтарда Сирияга мунай ташып баратат деген шек менен Ирандын бир танкерин кармаган болчу. Аны улай, 19-июлда Иран күчтөрү Перс булуңунда британиялык мунай ташыган кемени экипажы менен кошо колго түшүргөн.

Бир күн мурда Британиянын экинчи аскердик кемеси Перс булуңуна келгени белгилүү болду. Коргоо министрлигинин маалыматында “Дункан” жана “Монтроз” аскердик кемелери Перс жана Оман булуңдарынын ортосундагы Ормуз кысыгынан өткөн британиялык кемелердин коопсуздугун камсыз кылууну көздөөрү белгиленген.

Иран өкмөтү Британиянын Перс булуңуна өз флотун жөнөткөнүн “кастык маанайдагы” аракет катары мүнөздөдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *