БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады

БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 12-октябрындагы КР  БШКнын  жыйынында   Чүй облусунун  Сокулук районунун  Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө  чечим  кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-сентябрындагы № 466 токтому менен 2017-жылдын 11-октябрына дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясына берилгендигине байланыштуу, шайланган жок.
Ушуга  байланыштуу 2017-жылдын 26-октябрында  саат 9:00дөн 12:00гө чейин Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  уюштуруп өткөрүү  милдети  Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына  тапшырылды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *