БШК Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганын жарыялады

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мурдагы президенттин кызы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарынын токтотулганын жарыялады. Токтом БШКнын 4-майда өткөн жыйынында кабыл алынды.

2-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев спикер Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

56 жаштагы Назарбаева сенатка 2016-жылы, атасы президент болуп турганда шайланган. Нурсултан Назарбаев отставкага кеткен күнү, 20-мартта ал парламент сенатынын спикери болуп дайындалган.

Казакстан Конституциясына ылайык, азыркы өлкө башчы отставкага кетсе, же өлсө анын ыйгарым укуктарын сенаттын спикери аткарат.

Назарбаева буга чейин Мажилистин төрагасынын орун басары жана вице-премьер болуп иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *