БШК: Дүйнөнүн 43 мамлекетинен келген 277 эл аралык байкоочулар КР ЖК шайлоосуна мониторинг жасап жатышат

277 эл аралык байкоочулар жана 77 жарандык уюмдар КР ЖК шайлоосуна мониторинг жасап жатышат. Бул тууралу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 43 чет мамлекеттен 277 эл аралык байкоочу 33 уюмдун атынан, 77 жарандык уюмдардан, 16 саясый партиялардын байкоочулары мониторинг жасап жатышат.
Коомдук байкоочу – бул Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмунан дайындалган адам (мындан ары коммерциялык эмес уюм) шайлоого даярдыктын жүрүшүнө, добуш берүүлөрдүн өткөрүлүшүнө, добуштардын жыйынтыгын аныктоого жана мыйзам тарабынан орнотулган тартипте шайлоо жыйынтыгын билүүгө байкоо жүргүзөт.

Эл аралык байкоочу болуп чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан келип, мыйзамдуу түрдө шайлоолордун жана референдумдардын даярдыгына жана өтүшүнө байкоо жүргүзүүгө укуктуу адам.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *