Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » БШК мандатты Өмүрбек Текебаевге өткөрүп берүү боюнча жыйынга чогула албай жатышат
Саясат

БШК мандатты Өмүрбек Текебаевге өткөрүп берүү боюнча жыйынга чогула албай жатышат

Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча БШКнын жыйыны кворум жоктугунан өткөн жок. Бул тууралуу Атыр Абдрахматова Facebook баракчасына билдирди.

Бүгүн, 13-октябрда БШКда жыйын өткөрүлүп, анда Садык Шер-Нияздын мандатын  Өмүрбек Текебаевге өткөрүп берүү маселеси каралышы керек болчу.

Садык Шер-Нияз Борбордук шайлоо комиссиясына бара жатып, Фейсбукка видео кайрылуу жазып, анын мандатынан баш тартуу чечимин үй-бүлөсү колдой тургандыгын билдирди.

Бирок жыйын боло элек.

Эске салсак, БШК 12-октябрда Өмүрбек Текебаевке парламенттин депутатынын мандатын кайтарып берүү боюнча кайрылуусун карады. Бирок БШК бош орун жоктугунан мандатты кайтаруудан баш тартты. Кийинчерээк Садык Шер-Нияз ага мандатын өткөрүп берүүгө даяр экендиги белгилүү болду.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт